Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: ШКУ Башкы прокурорлорунун отуруму региондогу коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкка кошумча дем берет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-октябрда, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун отурумдун катышуучуларына жолдогон сөзүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Төмөндө текст толугу менен:

«Урматтуу ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйынынын катышуучулары!

Меймандос кыргыз жергесинде сиздерге салам жолдогонума чын дилден кубанычтамын!

ШКУ бүгүнкү күндө ар кыл чөйрөлөрдө кызматташуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана өз ара иштешүү боюнча уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптана алды. Биздин өз ара мамилебизде „Шанхай деминин“ бекем орду бар десек болот. Бул — жөн гана декларация эмес, өз ара ишенимдин, тең укуктуулуктун жана сый-урматтын реалдуу колдонулган принциби болуп саналат.

Кыргыз тарап ШКУ алкагындагы көп тараптуу иштешүүнү тышкы саясаттын коопсуздукту жогорулатуу, террорчулукка, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт.

Урматтуу катышуучулар!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылдын июнь айында Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити ийгиликтүү өткөрүлгөн.

Өлкөлөрүбүз мыйзамдардын сакталышына, укуктар менен юстицияга, соттор менен соттук-эксперттик ишмердиктин көз карандысыздыгын бекемдөөгө көз салуу жаатында практика жүзүндө иштешүүнү өнүктүрүүгө ниеттери бар экендигин бекемдешти.

Бул маанилүү маселелердин бардыгы Бишкек декларациясында чагылдырылган.

Отурумдун бүгүнкү күн тартиби — бул абдан актуалдуу мааниге ээ болгон баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү болуп саналат.

Буга байланыштуу 2018-жылы Циндао шаарында кабыл алынган 2018-2023-жылдарга карата ШКУга мүчө мамлекеттердин Баңгизатка каршы стратегиясынын, аны аткаруу боюнча иш-аракеттер планынын, ошондой эле ШКУнун Баңгизат каражаттары менен психотроптук заттарды ашыкча пайдаланууну алдын алуу боюнча концепциясынын Уюмга мүчө мамлекеттерди координациялоонун негизги шаймандары катары өзгөчө мааниси бар.

Бүгүнкү отурум ШКУ регионундагы коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкка кошумча дем бере алат, ал конструктивдүү жана иштиктүү нукта өтүп, сунуштамалары жүзөгө ашырылат деп ишенем.

Урматтуу достор!

Сөзүмдүн аягында Мамлекет башчыларыңыздарга салам айтып, жакшы каалоо-тилектерди жеткирип коюшуңуздарды өтүнөм.

Дагы бир жолу баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм жана Бишкек шаарындагы убактыңыздар жагымдуу маанайда өтүшүнө тилектешмин!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: