Өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, качып, издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Аббосов Сайдуллахон Кадамжайдан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Аббосов Сайдуллахон Өзбекстанда адам өлтүрүү, зордуктоо, каракчылык беренелери менен айыпталып, камалып, жазасын өтөп жаткан жеринен качып кеткен. Ал төрт жыл мурун, 2016-жылы чек арадан Баткен аймагына өтүп, аты-жөнүн Бекболот Кошоков деп өзгөртүп, Кыргызстанда жыргап жашап жүргөн. Атүгүл үй-бүлө курганга да жетишкен. Ал Кыргызстанда да жөн жүрбөй, баягы кылмыштуу иштерин жасаган. Элдин ишенимине кирип, акча да алып, алдап кеткен. Кармалгандан кийин, анын өз аты-жөнү аныкталган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ