Menu

Бакыт Жусупов, Кыргызстандын Австриядагы элчиси: “Митингдердин басымдуу бөлүгү атайын каржыланып, кээ бир адамдар үчүн акча табуу жолу”

Бөлүшүү:

-Демократиялык мамлекетти митинг же пикет жок элестетүү мүмкүнбү?

– Албетте, мүмкүн эмес. Демократиялык өлкөнүн бирден-бир көрүнүштөрү болуп жарандарды кенен укуктар менен камсыз кылуу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык Кыргызстандын жарандары тынч митингдерди жана жолугушууларды өткөрүү укугуна ээ. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө, өзүнүн пикирин билдирүүгө, тынч митингдерди өткөрүү эркиндигине укуктуу. Бул нерселер Кыргыз Республикасынын Конституциясында да, атайын мыйзамдарда да аныкталып жазылган. Ошондуктан биз демократиялык мамлекет болгон соң, бизде мыйзам митинг, пикеттерди өткөрүүгө, аларга катышууга жол берет. Бул бир маселе.

Башка жана негизги маселе – пикет, митингдердин өткөзүүнүн мааниси жана максаты. Албетте, мен бул нерсени 100 пайыз чындык деп айтпайм, бирок азыркы кезде митинг, пикеттердин басымдуу көпчүлүгү атайын каржыланып, жада калса кээ бир адамдар үчүн акча табуу жолу, кадимки эле жумуш, бизнес, кесип сыяктуу да болуп калды көрүнөт. Тилекке каршы, пикетке чыккандардын көпчүлүгү маселени түп тамырынан, эмне үчүн нааразычылык билдирип жатканын билбей эле, жөн эле белгилүү бир суммадагы акча үчүн көчөгө чыгып жатышат.

Менимче тараптар ортосунда болгон талаш-тартыштарды пикет, митингдерге жеткирбей эле башка мыйзам ченемдүү ыкмалар аркылуу чечишсе бул демократиялык коомдун өсүп-өнүгүшүнүн, цивилизациялык өлкө болуунун бирден бир белгиси.

Акыркы кездерде дагы бир популярдуу болуп жаткан көрүнүш бул интернетти, социалдык тармактарды, нааразычылык билдирүү үчүн колдонуу болуп жатат. Протесттик потенциал бара-бара көчөлөрдөн интернет мейкиндигине, социалдык тармактарга өтүп жатат. Бул убакыт ченемдүү көрүнүш. Ооба, ар бир жаран сөз эркиндигине, өз пикирин ачык билдирүүгө укуктуу. Бирок, менин оюмча, бул жерде эң негизги жана маанилүү нерсе, сөз эркиндиги деп эле ар нерсени сүйлөө, билдирүү эмес, сөз эркиндиги деп ар нерсени далили менен, жоопкерчиликти сезе билүү менен кошо өз оюңду, пикириңди билдирүү деп эсептейм.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: