Menu

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Парламентке кезексиз шайлоонун эч кимге кереги жок! Өз маалында эле өтөт го…”

Бөлүшүү:

-Сабыр байке, өзүңүз байкап жатсаңыз керек, мынабу латын ариби боюнча соцтармактарда кызуу талкуу болуп жатпайбы. Бул маселеде, ушу эки ариптин чындап тие турган пайда-зыяны тууралуу сөз аз болгонсуду. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков: “кириллицада эле калабыз” деген пикирин билдирди. Бирок бул тема улам бир себептер менен эле кайра жанданып кетип жатат. Кечээ Андрей Малаховдун кыргыздарды кемсинткен сөзүнөн кийин да, “мына кыргыздар эми сөзсүз кириллицадан кетет, кетпесе болбойт”, – деген сөздөр чыгып атат. Кандай дейсиз, латынга өтөлү деп атасызбы, же өтпөй эле коёлу деп атасызбы?

-Кириллица өткөн жума, бул жумада кезексиз шайлоо дегенди талкуулап жатышат го? Турмуштан артта калбайлы дегеним…

-Кезексиз шайлоого да келебиз, резонанстуу талкуу жараткан темалар калып калбасын, ирети менен кетели деп атам.

-Жарайт анда, кириллица болсо кириллицадан баштайлы. Кыргызда “битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба” деген кеп бар. Эми биз, капкайдагы Малахов деген бир акчага сатылма шоумен үчүн биз билген билимибизди ыргытышыбыз керек эмес да. Ал акмакты “көйнөгүбүздү отко салбай эле”, ал үчүн жалпы орус менен жоолашпай эле, башкача жолдор менен жазалап кечирим сураталы да.

Бул ариптер тууралуу талкууда белгилүү жазуучу Чолпонбек Абыкеев: “кириллицаны унутсак, кийинки муун архив менен библиотекадагы илимий, адабий мурастардын баарын окуй албай калат, миллиарддаган барактардан турган, кириллица менен кыргызча жазылган маалыматтардын көлөмү эбегейсиз, анын баарын кайра латиница менен кыргызча терип чыгуу мүмкүн эмес, ошондуктан кириллицаны таштоо чоң жоготуу болот” – деген маанидеги жакшы ойлорун ортого салды. Мен ошол пикирди колдодум.

Анүстүнө, биз эмне азыр латын арибин окубай атабызбы? Англис тилин латын ариби менен окуп, орус тили менен кыргызчаны кириллица менен окуп, экөөнү тең эле окуп, жазып жетишип келе жатпайбызбы. Ошентип окута берели да. Латынга өтөлү дегендер деле “өнүккөн элдерге окшоп билим алалы, ошондо цивилдүү элдерге кошулабыз, көзүбүз ачылат, өнүгөбүз, өсөбүз”- дегенди негизги аргумент катары бетке кармап жатканын көрүп жатабыз. Бирок биз алардын айтканына кирип, кыргызчаны латын менен жазганга эле өткөндөн не пайда?

Латынга өткөнүң менен англисчени билбесең, англисче маалымат ала албасаң кантип түшүнөсүң, кантип өнүгөсүң? Өнүгө албайсың! Экинчи жагынан кирилди унуткан муун кириллица менен кыргызча, орусча жазылган илимий, көркөм мурастарды окуй албай, эки жагынан тең аксап, даана маңкурт болобуз да?

Мындай кадам бизге зыян гана алып келет. Бул бизге Орусия менен, КМШ алкагындагы мамлекеттер менен, ал эле эмес, Орусиядагы миллионго чукул кыргыздар менен баарлашууну да кыйындатат.

Ошондуктан “латиницага өтөлү” дебей эле, “англисчени толук кандуу окуталы, үч тилде эркин сүйлөгөн эл бололу” дешсе болмок. Анткени англисчени окуганың менен эле латын ариби сөзсүз кошо окулуп атпайбы. А биздин латынга чакыргандар ал тууралуу айтпай эле кыргызчаны латын ариби менен жаздырууну гана айтышууда. Ал аз келгенсип латын ариптерине куйрук, мүйүз тагылган он чакты тамгаларды ойлоп чыгарып кошуп, англисче колдонуп жүргөн латын арибинен өтө алыс, түшүнүксүз вариантты да сунуштап, билим алууну татаалдантканы да жатышат. Ал болбойт да.

Окусак англисче окуган латын ариби менен окутуш керек. Башты айландырып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай. Айрым тыбыштарды англис вариантындагыдай эле, эки арип менен жазып эле өздөштүрүп, сөздүн ыңгайына жараша окуп алышат.

Менин байкашымча бул жерде маселе арипте эле эмес болуп аткандай. Бул жерде, баягы эле, “орустардан оолак бололу, батышка ыктайлы”- дегендер менен: “орус коңшулар менен мамиле бузулбасын, стратегиялык өнөктөшүбүз, бир жарым кылымдык чогуу тарыхыбыз бар!”- дегендердин тартышы болуп калгандай…

Анткени аларга, “латиницаны окуйлу десеңер анда англисчеден толук кандуу билим берели, антпесе жөнөкөй латын ариби менен кыргызча жазганды үйрөтүп койгондон “толк” жок, ошондуктан, үйрөнүп, көндүм болуп калган кириллицаны деле кошо окута берели” десең да жакпайт экен. Натыйжада үч-төрт тил билген эл болобуз дегениңди да кулактын сыртынан кетиришип, кандай айтсаң да болушпайт.

Кириллицаны унуткан коом кыргыз адабиятын, тарыхын, Манасты, Чыңгызды окуй албай калат десең да болушпайт. “Черт с ним, ыргытабыз, окубайбыз, орус жыттанган жазуу” деп атышкандар да бар, күйгүзүшүп. Болгон максат кириллицаны жоготуш экен. Айтор бул идеянын артында жалпы элдик колдоо жок, батышка жагынуу, сыйынуу жолуна түшүп алган тар чөйрө, бир кучка русофобдор козутуп, соцтармактарды чаңдатып атышат. Калган эл үйрөнүп, билген, көндүм болуп калган кирилл жазуусуна каршы деле эмес. Эл ичинде ал тууралуу сөз да жок.

-Эми кезексиз парламенттик шайлоо темасына өтөлү. Кезексиз шайлоо болобу? Кимдер кызыкдар? Кимдерге пайдалуу?

-Качан болсо эле, ушу шайлоо мөөнөтү жакындаганда “кезексиз шайлоо болот экен”, – деген сөз чыгат. Атамбаевдин заманында да, ушу азыркы “алтынчы созывдын шайлоосу эрте болот, бешинчи созыв мөөнөтүнөн мурда тарайт экен” деп делдектегенибиз эсимде.

Анткени ага чейин үч ирет кезексиз шайлоо болгон. Ошол эсибизде турду. Кайталанат дедик. Бирок баары сөз бойдон калды, 2015-жылга белгиленген шайлоо өз мөөнөтүндө өттү. Шайлоолордун өз мөөнөтүндө өтүшү бул саясый туруктуулуктун белгиси да. Кезексиз шайлоо дайыма арга кетип, айла түгөнүп баратканда жасала турган оокат. Бийликти алка-жакадан алгандар күчөп, такты солкулдай баштаганда гана, опоненттерден кутулуу үчүн жасалат. Жасалып келген.

Биринчи жолу кезексиз шайлоону бийлигин бекемдөөнү максат кылган Аскар Акаев жасаган. Аны ой келди бастырбай, тыкыр көзөмөлгө алып, жакшы иштеп аткан Легендарлуу парламентти “самороспуск” кылдырып таркаткан. Акаев андан жакшы атты болдубу? Элге жек көрүндү, арты кандай болгонун билесиңер. Куулду.

Андан кийин 2007-жылдын декабрында Текебаев башкарган парламентти Курманбек Бакиев жаңы Конституциясына негиздеп указ менен таркатып, кезексиз шайлоо аркылуу “Ак Жол” деген, бир түндө чүргөй калган партиясын жеңүүчү партия кылып алып келип, парламентти толук көзөмөлгө алдым деди. Анын арты да жакшы болгон жок, элдик көтөрүлүш менен аяктады. Качып кутулду.

Апрель элдик революциясынан кийин шайлоонун легитимдүүлүгү көп чыр-чатак менен коштолгондуктан, “Ак Жол” партиясынын парламентте отуруп кала берүүсүнө көтөрүлүшкө чыккандар түк макул болмок эмес. Ошондуктан Убактылуу өкмөт тарабынан 4-чакырылыштын депутаттары таркатылып, жаңы Конституция кабыл алынып, 2010-жылы дагы кезексиз шайлоо өткөрүлдү.

2010-жылы шайланган бешинчи чакырылыштын депутаттарын да “ана таркайт, мына таркайт” дедик. Атамбаев таркабайт деди. Ошентип алар таркабай толук мөөнөт иштешти. Бул стабилдүүлүктүн мүнөздөмөсү катары кабылданды.

Эми мына 2015-жылкы шайланган алтынчы чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү аяктаарына бир жыл калды. Баягы көнүмүш “таркайт, таркабайт” кайрадан чыгып жатат.

-Эми азыр өзүңүз айткандай саясый абал туруктуу. Же эмне депутаттар Сооронбай Жээнбековго күн көрсөтпөй жатабы? Тетирисинче баары “ляппай” деп бөгүп жатышат го? Анан бу каяктан чыгып атат, кимге керек?

-Парламенттин рейтинги өтө төмөндөп кетти. Депутаттарга карата нааразычылыктар карапайым эл тарабынан көп айтылып жатат. Анан бизде демократия, эркиндик… Бизде эркин адамдар көп. 200дөн ашык партия бар, ар бирибиз саясатчыбыз. Саясый абалды курчутуп, бийлик, байлыкты кайра бөлүштүрүүнү көздөгөндөр толтура. Ошолор “бир жыл күтүп отурабызбы” – дешип чычкылары кайнап, “өкмөттү кетириш керек, кезексиз шайлоо…” деп тынымсыз сайрап жатышат.

Алар “эмки күзгө чейин бийликтин рейтинги кескин төмөндөп кетет, шайлоодо уттуруп коёт, ошон үчүн жазда, башкалар даяр боло электигинен пайдаланып, кезексиз шайлоодо утуп алуу керек” деген жалгыз аргументти бетке карманышууда. Төрт-беш ай үчүн элди дүрбөтүп, арадай жерге чарадай чыр салып, бийликтин абройу кетээрин алар ойлобогон менен бийлик ойлоорун эске алышкан жери жок.

А болбосо, бийлик кезексиз шайлоого эч кандай кызыкдар эмес. Кезексиз шайлоо өткөрүп, стабилдүүлүккө шек келтирип, өзүнө-өзү ор казгыдай бийликти анча аңкоо дей албайбыз. Анүстүнө шайлоого да казынадан 1,5 млрд сомдун тегерегинче акча кетери айтылууда. Азыр акча тартыш болуп, тиягына тартса биягы ачылып кыйналып
турабыз. Менимче, азыр кезексиз шайлоо эч кимге керек эмес. Болбойт. Шайлоо өз маалында эле өтөт.

-Эми ушу кезексиз шайлоо болот дегенден бери, эки ортодо “элита алмашсын, жаштар келсин, жек көрүндү болгон чоңдор жоголсун” деп ураан көтөргөндөр чыгып, алар да катуу талкууга түштү. Алар ушу, “кезексиз шайлоо болот” деп ишенип алышкандай. Жаштардын атынан сүйлөп, маалымат жыйын өткөзө калган бирин-экин топтор бар болгону менен, жалпы жаштардын тилектештиги байкалбайт. Массалык бир таанымал коом да жок өңдөнөт. Анан ушундай шартта саясатка, бийлик бутактарына жаштар кандайча келиш керек? Кандай жол менен, Ким алып келиши керек?

-Туура айтасың. Сен айткандай, карасаңар, “жаштар келсин, келсин” деген чакырык эле бар болуп, уюшуп, топтошуп, партияларга кошулуп, атайылап камданып аткан жаштар көрүнбөй жатат го (?), алардын жолун деле атайылап тосуп аткан эч ким жок экенине карабай… Жаңылануу, жаштардын бийликке келүүсү такыр жок дегенге да болбойт. Алар келип кошулуп, жаңылануу жүрүп жатат.

Комунисттик доордогу кадр даярдоо системасын талкалап алдык. Азыр, эгемендик жылдарынын башында жаралган, эскиче, көндүм болгон, жабык, жашыруун, туугандык, кландык жол бар. Ал система токтоп калган жок. Ошол жол аркылуу толуктоолор жүрүп атат.

Анткени жаштарды тарбиялоо, бийликке тартуу, иштери толук жөнгө салына элек. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе кадрдык кызмат тарабынан, ачык-айкын конкурстар аркылуу ишке ашырылышы керектигин баса белгилеген. Тилекке каршы бул маселеде кадрдык кызмат өз функцияларын толук кандуу алып кете алган жери жок. Ошондуктан, мындай шартта эскиче жолду колдонбоско арга жок. Анүстүнө, айрым бийлик башындагы төбөлдөргө кол ийрисине тарткан эски система жагат. Себеби бажа-балдыз, ж.б. тууган туушканды көтөрмөлөгөнгө ыңгайлуу.

Ошондуктан алар кадр кызматынын мыйзам чегинде иш алып баруусуна каршы. Билимдүү, иш билги, конкурстан өткөндөргө бут тосушат, анткени өзүлөрү үчүн лазейканын сактап калганга кызыкдар.

Анан эми, жаштардын саясатка аралашышы, бийликке келиши тууралуу… Муну баягы, илгерки, барабан, сурнай менен даңкылдап ырдап бараткан пионерлердин маршындай элестеткендер да бар. Бул деген, жалаң жаштар бир партияга биригип алып, улууларды толугу менен сүрүп салып, бийликти толук алмаштырып салсын, жалаң жаштар бир пикирде болуп, “бөрү карысын көтөндөйт” болуп, улуулар кодулансын дегенди билдирбейт. Жаңылануу андай массалык рокировка түрүндө эмес, четинен, бири келип, бири кетип, тажрыйба алмашуу токтобой, ырааты менен болушу керек.

Ошондой жол менен бийлик сереси жаңыланып, жаштардын катары артып, элге жек көрүндү болгондор, коррупцияга малынгандар четинен кете, алмаша башташы кажет. Бул эми, чаң тополоң кылбай жасалышы керек.

Жаштардын мамлекеттик кызматка барам дегендерин кадрдык кызмат уюштурган, ачык-айкын конкурстар аркылуу тандап алыш керек. Ал эми саясатка баруучулар партиялар аркылуу, партиялардын жаштар канатынан тажрыйба алып, ошол жол аркылуу келишсин.

Азыр жаштардын баарын илгерки комсомолго окшоп бир уюмга бириктире албайбыз, анткени бизде азыр бир партиялуу система эмес. Аларды сүрмө топ кылып уюштуруп алып кайсы партиянын этегин карматат элек. Жаштар жаштайынан миң кырдуу турмушту көрүп, билип, жүрөгү менен туйуп чоңойгондой шарт түзүп беришибиз керек.

Аларды мекенин сүйүүгө, эл-жерин коргоого даяр болгудай тарбиялайлы да, өлкөсүн өнүктүрүү маселесине келгенде, кимиси кайсы жолду, кимиси кайсы идеяны кабылдаарын ар кими өзү тандаганга мүмкүнчүлүк берели. Алар жаштайынан бири бири менен “опонировать” этишип, саясый конкуренция шартында жашашканды үйрөнүшү керек. Бир сөз менен айтканда жалаң жаштар биригип алсын деген туура эмес. Жаштар ар кайсы партиялардын, саясый күчтөрдүн катарын толуктап, түрдүү идеаларга каныгып, саясатка ошолор аркылуу келишине шарт түзүп беришибиз керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: