Menu

ИИМ аппараттык-программалык комплекстерди жана видео көзөмөл камераларды бузуу же талкалоо фактыларына байланыштуу жарандарга кайрылат

Бөлүшүү:

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашкан убактысынан баштап, аппараттык-программалык комплекстерди жана видео көзөмөл камераларын бузуу же талкалоо фактылары катталууда. Жалпысынан алганда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча КЖБРге жогорудагыдай фактылардан 14 учур катталып, миллиондогон чыгымдарга дуушар кылган. Бул фактылар боюнча ички иштер органдары иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, кол салуунун объектиси катары аппараттык-программалык комплекстерден тышкары операторлор дагы дуушар болушууда. Бийик жерлерде бекитилген видеокамераларды дагы талкалоо учурлары дагы кездешүүдө. Кылмышкерлер ар кандай жолдор менен талкалап, ок атуучу курал менен видеокамераны атып, айрымдары видеокамераларды уурдаган учурлар дагы болгон. Бейбаштык жана башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүрүп, милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөөгө алган.

Аталган аппараттык-программалык комплекстердин баасы кымбат болгондуктан, жарандарга кайрылууну чечтик:

“Урматтуу жарандар, башка бирөөнүн мүлкүн жок кылган же жарактан чыгаргандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз.

Андан сырткары, күнөлүүлөр кетирген чыгымдары үчүн, аны төлөп берүүгө милдеттендирилет. Практика көрсөткөндөй, видеофиксация комплекстерин жайгаштыруу жол-транспорттук кырсыктарды алдын алуу чөйрөсүндө оң жыйынтыктарга алып келет, ал эми бул жолдордо жол кырсыгынын жана жол кырсыгынан каза болгондордун санын азайта тургандыгын билдирет. Булар жогорудагы видеофиксация комплекстерин орнотуунун натыйжалулугун көрсөткөн эң манилүү көрсөткүч”.

Адамдын өмүрүнөн башка кымбат нерсе барбы? Ойлонуп көрүү керек?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: