Сокулук районунун Биринчи май айылында таш боордук менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 30-сентябрда РИИБге адам өлүмү тууралуу маалымат келип түшүп, милициялар турак үйлөрдүн биринен 43 жаштагы Б.М. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан. Болжолдуу маалымат боюнча, шектүү адам 30-сентябрда, эртең менен аялы уктап жатканда, аны балта менен чапкылап өлтүргөн. Андан кийин, 8 жаштагы баласын кошунасыныкына таштап, кайра кайтып келбесин, аялын өлтүргөнүн айтып, качып кеткен.
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү маркумдун күйөөсү — 51 жаштагы И.Б. кармалып, Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертиза дайындалган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ