ЭККМК башкармалыгынын мурдагы башчысы Ислам Матраимовдун кызы Назик Матраимованын жактоочусу Давран Касымов Назиктин атынан аккаунт түзүп, пост жазган кишилер табылганын билдирди.
“Назик Матраимованын атынан фейк аккаунт түзүп, пост жазган кишилерди аныктадык. Бирок бул соцтармактарда видеосу менен чыккан жигит эмес. Биздин ага эч кандай тиешебиз жок. Өзүбүз колго түшүрүп, мындай укуксуз ыкма менен иш алып баруу биздин деңгээл эмес. Биз мыйзамдын чегинде гана иш алып барабыз”, – деди Давран Касымов. Ошондой эле жактоочу: “Назиктин туугандары пост жазып, кызыбызды жаман абалга калтыргандардын абийирине койдук”,- деп коюшкандарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, жасалма аккаунт түзүп, ызы-чуулу пост жазган жигиттин кармалганы мурда айтылган.
Эскерте кетсек, соцтармактарда дале @matraimova.nazik. аккаунтунун постун кызыл талкууга алып келишет. Ал эми анын 18 жашка толгон туулган күнү жөнүндө жазган постун талкуулай баштагандан кийин, Назик Instagramдагы чыныгы баракчасын өчүрүп салган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ