Menu

Миллионер Каныбек Туманбаевге түз суроо: Жээнбеков менен Иса Өмүркуловдун атын сатып, ашыкча мактап койдуңузбу?

Бөлүшүү:

Кээде айрым курч материалдарды гезитке чыгарсаң чычалап кетишип, «кара пиар, шыбап атат» деген сыяктуу кептерди агытып калышат.

Андыктан, маалымат майданындагы башка ыкманы колдонуп, суроо берүү менен жумшак формага өтүүгө туура келет. Бу саам коомчулукка анчейин белгисиз, бирок миллионер катары Кыргызстандагы байлардын катарына кирип калган Каныбек Туманбаевге собол ыргытып, жообун алууга аракет кылмакчыбыз.

-Каныбек мырза, сиз 2012-жылы үйлөнүп, айтылуу шопур Икрам Илмияновду өкүл ата кылуу менен ооматка жетип, бизнестеги чыйырыңызды баштадыңыз беле?

-2012-жылга чейин Аксынын РЭСинде контролёр болуп жүрүп эле кыска аралыкта кантип миллионерге айландыңыз?

-Айтмакчы, Илмияновдун байлыктары сизге катталганы ыраспы? Аны менен азыр мамилеңиз кандай? Түрмөгө тамак ташып турасызбы?

-2020-жылкы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясы менен аттанууга даярданып, 1,5 миллион долларды штабга которуп койдуңузбу?

-Тарапташтарыңызды ынандыруу үчүн көбүртүп-жабыртып, «Замандаш» партиясынын экинчи тизмеси менен Асылбек Жээнбеков, төртүнчү орунда Иса Өмүркулов, мен болсо бешинчи орунда баратам» деп мактанып жүрөсүзбү?

-Асылбек Жээнбековду өкүл ата кылууну пландап атасызбы?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: