Кытай басылмасынын пикири боюнча, Путиндин мураскери Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу болот. Шойгу армияда да, Россия элинин арасында да чоң кадыр-баркка ээ. Анын аракети менен Россиянын армиясы кайра курулуп, дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бирине айланды.
Кытайлык эксперттердин көз карашы боюнча, эгер С.Шойгу президент болуп калса, ал экономиканы гана көтөрбөстөн, аскер тармагындагы жөндөмдүүлүгү менен Батышка карама-каршы турат. Бул болсо дүйнөлүк саясатта чоң өзгөрүүлөргө алып келет. Акыркы эки жылдан бери С.Шойгу азыркы президентке караганда да катуу билдирүүлөрдү жасап жүрөт.
Sohuнун пикирине караганда, эгер С.Шойгу Кремлге келип калчу болсо, АКШ менен Россиянын ортосунда түзүлгөн азыркы балансты өзгөртүп, Американы чоң өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбурлайт. Бул болсо түндүк америкалыктар менен соода согушун жүргүзүп жаткан Кытайга пайдалуу.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин америкалык эксперттердин «ал өлкө башчылыгынан кеткен соң өмүрү коркунучка тушугат» деген пикирин келжиректик катары мүнөздөгөн болчу. В.Путиндин айтымында, өзүнүн мураскери тууралуу ал 15 жылдан ашуун мезгилден бери, биринчи президенттик мөөнөтүнөн тарта ойлонуп жүрөт. Россияда 146 млн. калк жашайт, дал ошолор 2024-жылы өлкө башына ким келерин чечүүгө тийиш. Ошол эле учурда Путин азыркы президент колдогон талапкер эл өзүнүн жетекчисине ишенип, анын демилгелерин колдогон учурда гана калк арасында чоң ишенимге ээ болорун белгиледи.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ