Menu

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон шектүүнү милициялар кыйнап жатышабы?

Бөлүшүү:

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон шектүүнү Бишкектеги Октябрь РИИБдин кызматкерлери кыйнашканы жана тоноого баласынын күнөөсү жоктугу тууралуу Акыйкатчы институтуна шектүүнүн апасы арыз менен кайрылып, өз чындыгын айтып берген.

Акыйкатчыга шектүүнүн апасы И.Ж аттуу аял арыз менен кайрылып, М.Б. аттуу баласын милиция кызматкерлери кыйнашып жатканын айтып, жардам сураган. Анын айтымында, баласы ырчынын апасынын үйүн тоногон эмес, анын машинасына баалуу буюмдарды милициялар өздөрү салып коюшкан. 6-майга караган түнү анын баласы достору менен чогуу Бостери айылындагы кафелердин биринде ичимдик ичип, досунун үйлөнгөнүн белгилешкен. Кафеде достору менен отурганда тартылган сүрөт менен видео бар болгонун, кийин өчүрүлүп калганын айтып берген.

«Баламдын машинасына милициялар эмне кааласа ошону салып кое турганга убакыт бар болчу. Себеби, алар уулумдун машинасынын ачкычын алып, колуна кишен салып, Каракол ШИИБге алып кетишкен, машинасы болсо кафенин жанында калган. Бир нече убакыттан кийин милиционерлер баламды кайрадан кафеге алып келип, машинасын тинтип, багаждан баалуу буюмдарды таап чыгышкан. Милиционерлер кафеде көзөмөл камерасы бар экенин көрүшүп, аны өчүрүп салып, баламды Октябрь РИИБге алып келишип, күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйнашкан. Адвокат уулумдун денесиндеги тактарды сүрөткө тартып алган. Ал баламдын диагнозу жазылган кагазды Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан алганын, анда жаракат токмоктун кесепетинен пайда болгону жазылганын айтып берген”,-деп билдирген шектүүнүн апасы.

Арыздануучунун айткандарын кунт коюп уккан Акыйкатчы анын кайрылуусун өз көзөмөлүнө алып, аталган фактыны текшерүү үчүн прокуратура органдары менен иш-чара жүргүзөөрүн айткан.

Эскерте кетсек, 6-майда, ырчы Мирбек Атабековдун апасы Дариха Абдрахманова арыз менен милицияга кайрылган. Анын жазган арызында Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45де беткап кийген, куралданган кишилер кирип, тапанча такап коркутуп, акча сурашкан. 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын тоноп кеткени жазылган. Бул факт катталып, шектүүлөр издөөгө алынган.

2-сентябрда, Бишкек ШИИБ тоногон адам кармалганын билдирген. Алардын айтымында, милициялар шектелген адамдын артынын түшүп, Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаранды кармаган. Анын машинасынан баалуу буюмдар табылган. Учурда шектүү Бишкек ШИИБдин абагында убактылуу камакка алынып, башка кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланып жатканын билдирген. Ошол эле күнү, ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоногон адамды издеп, таап кармаган милицияларга видео арыкылуу ыраазычылыгын билдирген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: