Кечээ, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилигинде «Мамлекеттик тил тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жылдыгына карата арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага Белорусиянын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, Белорус жазуучулар союзунун мүчөлөрү, мекендештер жана Белорусиянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер катышышты.
Катышуучуларга Кыргызстандын жаратылышы жана туризм мүмкүнчүлүктөрү тууралуу фильм көрсөтүлүп, кыргыз улуттук бийи тартууланды.
Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов катышып отургандарды куттуктап, аларга кыргыз тили менен маданиятын сактоонун маани-маӊызын айтып берди. Учурдан пайдаланып, Кыргызстан тууралуу тааныштырып, белорусиялык досторду Кыргызстанды көрүп кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде, белорус тараптын катышуучулары кыргызстандыктарды кыргыз тили күнү менен куттуктап, Кыргызстандын кооз жаратылышы тууралуу жылуу пикирлери менен бөлүшүп, кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын кыргыз тилинде айтып беришти.
Жыйынтыктап жатып, Элчи Э.Ибраимов келген конокторду куттуктап, аларга Элчиликтин атынан Ыразычылык кат тапшырды, аягында коноктор үчүн сый чай уюштурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ