Menu

Талас эли “Жерүйдүн” иштешине бата беришти…

Бөлүшүү:

Учурда экономикалык абал кыйла оор. Өлкө экономикасынын жугүн бир катар ири ишканалар көтөрүп, бюджетке чоң салым кошуп жатышканы талашсыз чындык. Тилекке каршы, элди иш менен камсыз кылып, мамлекеттин жеңилин жерден, оорун колдон алган ишканаларга бут тоскон жагдайлар жок эмес. Албетте, андай көз караштагы жеке кызыкчылыктарын көздөгөн топтор көпчүлүктү түзбөйт.

Мына өткөн жумада Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин демилгеси менен ОсОО “Альянс Алтын” ишканасынын өкүлдөрү жергиликтүү эл менен жолугушту. Жолугушуу шаардык драма театрда өтүп, 400дөн ашык киши катышты. Жолугушууга келген эл өздөрүнүн кызыккан жана тынчсыздандырган суроолоруна жооп алышты. Жергиликтүү тургундар “Жерүй” кенин иштетүүдө, облуска кандай жардам көрсөтүлөт, канча жергиликтүү жашоочулар иш менен камсыз болот деген суроолорду беришти. Ага ОсОО “Альянс Алтын” ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин жооп берип, “Жерүй” алтын кенин иштетүүдө компаниянын аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берди. Компания жетекчиси өз сөзүндө алтын рудасын иштеткен комбинат, алтын ылгоочу фабрика курулуп бүтүп калганын, коюлган тапшырма талаптарга ылайык аткарылып, иштин сапаты эл аралык стандартка шайкеш келээрин белгиледи. Курулуш иштерин жүргүзүүгө 20дан ашык ишканалар тартылып, 700дон ашык киши иштеп жатышканын, анын ичинен 500 жумушчу Талас облусунун тургандары экенин билдирди. Ошондой эле бир жылдын аралыгында кадрларды окутуп даярдоо иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулардан 270 киши окуудан өткөрүлүп, анын иичинен 50 адам Казакстандагы Ак-Суу, Бес-Тубе, Жолымбет кенинен практикадан өтүп келишкенине токтолду. Окуп даярдыктан өткөрүлгөндөрдүн баары “Жерүй” кенине ишке алынаарын кошумчалады.

Арийне, “Алянс-Алтын” ишканасы алдына коюлган милдеттемелерди өз убагында аткарып, өлкө бюджетине миллиондогон сом салык төлөп, жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктарын жөнгө салуу иштерине да көмөк көрсөтүп келет. Алсак, ишкана 2015-2019-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 569 миллион сом которгон. Кенди иштетүү быйыл колго алынса, кийинки жылдан тартып казынага түшчү каражаттын көлөмү 2 миллиард сомго жетет.

Лицензиялык келишимдин негизинде Бекмолдо айыл өкмөтүнө, Талас районуна, Талас облусуна 170 млн. сомдон бөлүнүп берилген. Бул каражаттар инфраструктураны оңдоого, мектептерге, социалдык иштерге жумшалган. Мындан тышкары “Бакубат Талас” фонду бар. 2018-жылга чейин 100 млн. сомдон бөлүнүп келсе, быйылкы жылы 150 млн. сом бөлүнгөн. Кен ишке кирип, жылына 3-5 тонна алтын өндүрүлсө, пайданын 2%ы Талас облусунун өнүктүрүү фондуна түшүп турат. Болжол менен 400-500 миллион сомго жакын каражат түшөт. Бул облустун экономикасын көтөрүү үчүн аябай жакшы сумма. Аймактарды өнүктүрүү үчүн чакан өндүрүш ишканаларын ачып, калкты жумуш менен камсыздоо жана социалдык жашоо-шартын оңдоого чоң өбөлгө болот.

Ал эми жергиликтүү элди тынчсыздандырган экологиялык маселе да көз жаздымда калган жок. Тургундардын кенди иштетүүдө экологияга зыяны тийбейби деген суроосуна, компаниянын жетекичиси Михаил Шубин кенди иштетүүдө экологияга терс таасирин тийгизбеш үчүн дүйнөдөгү эң алдыңкы технологиялар колдонулаарын ынандырып өттү. Ал өз сөзүндө: “Кенди иштетүүдө, айлана-чөйрөнү коргоого да өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Биз көз карандысыз лабораториялар менен келишим түзүп, кендин айланасында жайгашкан айылдардагы абанын, суунун нормасын текшерип турабыз. Азыркы тапта Чүй аймактык экологиялык лабораториясы квартал сайын текшерүүлөрдү жүргүзүп, “Жерүй” кенинин аймактагы жердин кыртышына, сууга, абага тийгизчү таасирлерине карата мониторинг өткөрүп келет. Учурда экологияга кооптуулук жаратчу көрүнүш катталган жок” – деп баса белгиледи.

Инвесторлор менен тыгыз иштешип жаткан Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев “Альянс Алтын” ишканасынын эл менен ачык-айкын тыгыз иштешип жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, келишимдин негизинде компания тарабынан социалдык долбоорлорго багытталган каражаттар убагында бөлүнүп берилип, социалдык муктаждыктарды чечүүдө алгылыктуу иштерди жасоого өбөлгө болгонун белгиледи.

Ал арада 1-октябрга пландалган “Жерүй” алтын кени боюнча элдик жыйын өтпөй калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында уюштуруучулар билдиришти. Алардын  айтымында, аларга иш-чараны саясий максатта пайдаланып, үзгүлтүккө учуратуу тууралуу маалымат келип түшкөн. Мындан улам активист Элдияр Аттокуров: «Арабызда өз максаттарын көздөгөн кишилер да бар экен. Чагымчылдык тууралуу маалыматыбыз бар. Биз алар менен бирге эмеспиз деп айтаар элек. Биздин саясий максаттарыбыз жок» – деп билдирди.

Максат Мамытов

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: