Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ак-Булак айылынан эки чакырым алыс жайгашкан жерде айтылуу Чыңгыз хандын алтындары 300 төөгө жүктөлүп, жерге катылганы жөнүндө уламыш ушул убакка чейин айтылып келет. Бу жолу да айыл аксакалдары “Турмуш” сайтынын кабарчысына айтып беришкен.
Алардын айтымында, биздин заманга чейин, 12-кылымда Чыңгыз хандын алтындары 300 төөгө жүктөлүп, тоо тараптагы жерге катылган. Ал алтынды издөө иштери Союз учурунда жүрүп, кийин токтоп калган. Эгемендүүлүк алгандан кийин да, 14 жылдан бери алтындар изделип, жер казылып келет.
Аксакалдардан тышкары, айыл тургундары бул сырдуу жерге 300 төөнү минген адам төө, алтын менен кошо жерге көмүлгөнүн айтып, ал жерден жыландар көп кездешкенин баса белгилешкен.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ