Menu

Түркмөнстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча комиссия ишин баштады

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу мамлекеттик ТДХ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, комиссиянын алгачкы жыйыны 4-октябрда өтүп, анда жаңы органдын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун орун басары болуп парламенттин спикери Гүлшат Мамедова дайындалды.

Жыйындын жүрүшүндө Бердымухамедов «дүйнөдө экономикалык жана саясий абал тездик менен өзгөрүп жаткандыктан», баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралганын белгиледи.

Түркмөнстандын Конституциясы акыркы жолу 2016-жылы сентябрда өзгөртүлүп, президенттикке талапкерлердин жогорку жаш курагын чектөө алынып салынган.

Конституциянын үч жыл мурдагы жаңы редакциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштары эске алынган эмес.

Президент демилгелеген бул жолку конституциялык реформада Элдик кеңешти реформалап, аны Мажилистин – парламенттин бир бөлүгү катары түзүү сунушталууда. Ага ылайык, Түркмөнстанда кош палаталуу парламент түзүлүп, Элдик кеңеш парламенттин жогорку палатасы болот.

Түркмөнстандын Конституциясы 1992-жылы кабыл алынып, андан кийин алты жолу өзгөртүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: