Menu

Душанбе: таксилерде жүргүнчүлөргө өбүшүүгө, тамеки чегүүгө жана ичимдик ичүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Душанбедеги такси айдоочуларынын он пайызга жакыны унааларына жүргүнчүлөргө тамеки чегүүгө, ичимдик ичүүгө, катуу музыка коюуга жана сезимдерин ачык көрсөтүүгө болбой тургандыгы жазылган эскертүү баракчаларын чапташты.

— Мен мындай кагаздарды биринчилерден болуп чаптадым. Бир жолу унаама отурган жашы өтүп калган киши менен 15-16 жаштагы кыз кучакташып, өбүшө баштаган. Мен аларга эки жолу эскертүү бердим. Бирок алар укпай койгондон кийин түшүрүп салгам. Жүргүнчүлөр өбүшүп, арткы орундукка жатып алган учурлары да болгон, — деп билдирди эки жылдан бери такси айдаган Мухаммад аттуу жаран.

Бир нече жыл мурда Искусство институтунун ректору Аслиддин Низамов өлкөдө адеп-ахлак полициясын түзүү зарылдыгы жаралганын билдирген. Ректордун айтымында, полиция коомдук жайларда маданияттын сакталышын көзөмөлдөшү керек.

Тажикстан светтик өлкө, бирок калкынын 98 пайызы ислам динин тутат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: