Паламенттин жыйынында депутат Алмасбек Акматов (“Бир бол”):
“Казакстандын чегарыснда дагы жүк ташыган машинелер жыйылып турат. ЕврАзЭБге киргени ушундай суроолор көбөйдү, эмнеге унаалар токтоп турат?”, – деген маселени кабыргасынан койду.
Экономика министри Санжар Муканбетов ошондой маселе бар экенин айтып, бул көйгөйлөр боюнча тынбай сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты.
“ЕАЭБге биздин президент үч тараптуу көзөмөл киргизүүнү сунуш кылган: биринчиси – эки өлкө ортосунда, үчүнчү тарап – ЕАЭБ алкагында. Мисалы, азыр “Ак-Тилек” постунда күнүнө 50-60 машине туруп калат, 5-6 саатта өтүп кетишет. Жакында Казакстан президенти расмий сапар менен келет, бул маселе сөзсүз козголот”, – деди министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ