Menu

Видео – Майрамкан Ибраева:  “Манаска каршы чыкканы үчүн КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу кыргыз элинен кечирим сурасын!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-октябрда режиссер Ырыс Окенова менен манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков жана башкалар журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун Манаска каршы чыкканын айтып беришти. Жыйынга “Ак элечек апалар” коомунун тогуз төрайымы да катышты.

Бир жактуу болуп калбасын деп, жыйын бүткөн соң журналисттер КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун да жообун угалы деп КТРКнын алдына келсек, жыйынга катышкан ак элечекчен апалар эбак эле келип алышыптыр. Аларды кароолдо турган балдар киргизбей коюшуптур.  Жетекчини жарым сааттай күтүп калдык.

Ошол учурда, Майрамкан Ибраева энеге суроо узаттык, “кандай максат менен жетекчиликке жолукканы турасыздар?”, – деп. Майрамкан апа; “Манасты” тааныбайм деген сөзүн өз оозунан угалы деп келдик. Анын Манасты сатканы, кыргыз элин сатканы, ошон үчүн кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Биз кечирим суратабыз»,- деп ачууланды.

Майрамкан Ибраеванын айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Аягында КТРКнын жетекчилиги сыртка чыккан жок. Өзүн жетекчиликтин жардамчысымын деп тааныштырган Бактыяр Алиев Жайнак Үсөн уулу журналисттерди эмес, апаларды гана кабыл ала турганын айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: