Menu

“Акыл токтоткон адамдар үчүн”

Бөлүшүү:

Алым Токтомушев

Эсимде, 2008-жылдын феврал айынын ушундай күндөрү эле. Караколдук 90 жаштагы санжырачы Койлубаев Турдубек аксакалды атайын издеп барганбыз. Жай мезгилде гана көрүп жүргөн адамга адыр-түзү ак кар жамынган Көл жарыктыктын көркү да кышкысын бир ажайып. Манасчылардын, дегеле сөз өнөрүнүн чыгаандары чыккан өрөөндүн урпагы, кыргыздын ооз эки тарыхы-санжыранын салттуу уркун улагандардын соңку үлгүсү болгон Турдубек карыянын капкайдагы окуяларды мезелдетип айтып баратып тына калганда, “кыска айтам…” деп, улам-улам ойлорун жыйынтыктап, кыскача, маңыздуу, келки-келки айткан ыкмасы мага айрыкча жаккан. Мен да бу саам ошол айтылуу санжырачыдай кыска-кыска айткым келет. Анткени азыр элдин көбү интернет менен алектенет, демек гезит окуганы деле кыскалыкты жактырат. Бир жактан акча табуунун айлампа абыгерчилигиндеги (убарасы) адамдар үчүн саясий ушак же сенсациялуу жаңылык, окуя гана кызык жана ал ашмалтай адатка айланды. Ошондон улам кайран Алым аке Токтомушев “ Салижан Жигитовдун сабактары” деген китеп чыгарганда жогорудагыдай кайталангыс афоризмди кошуп жазган экен да… Эмесе, акыл токтоткон адамдар үчүн кыска айтам:

“…Коломтону элестетсем

апакем,

Күйпөлөктөп олтургансыйт

жанында”

 

Турар Кожомбердиев

Таланты да тулку боюндай алп Турар акын эненин ыйык образын кыргыз акындарынын ичинен айрыкча даңктаган эмеспи. Ал энесинен эки жашында ажыраган, демек энесинин дидарын элестете да алган эмес. Бирок да, жаратмандык өнөрдүн табигый ырчысынын тогуз ай боюнда көтөрүп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда толготуп жараткан, алпечтеп ак сүтүн берген апа мээримине, караанына, токмогуна да болгон кусалык сагынычы өлбөс-өчпөс шедевр ырларды жаратып, элдин рухий кенчинде калтырды. Баса, кыска айтам дебедик беле…

Жакында парламеттик берүүнү телевизордон көрүп отурсак, аялзат депутаттар бунт көтөрүп атат эй! Айрыкча Элвира Сурабалдиева карындашыбыздын гендердик саясат жөнүндөгү маселе козгогону, Ош облусунун мамлекеттик кызматтарында аялдар аз экен дегендей айгай салганы дембе-дем көрсөтүлө бергендиктен, менин да бүйүрүм кызып, каяша айткым келип турганы…

Кепти башынан баштасак, аялзатына ыкыбалын айрыкча салып, аял-эркек тең укуктуулугун байрагын ашкере көтөрмөлөгөн эсил СССР бийлиги жасаган-эткен жакшылыгы менен катар Орто Азия чөлкөмүнүн эң эски, сакалдуу, аз, аккөнүл эли — ​кыргыздарга оңбогондой оор, айыкпас дейбизби, эки илдет калтырып кетти. Биринчиси- аракечтик! Экинчиси – далай кыйсыпыр доорлордон улут катары сакталып калуунун негизги өбөлгөсү болгон үй-бүлөөнүн куту, коломто ээси- аял-эненин ролу жана милдет жоопкерчилигинин алсыратылышы, “ата — ​аскар тоо, эне-андан аккан булак” же “эне- үйдүн куту” дегендей эзелки салт эскинин калдыгы катары бузулушу.

Этек-жеңи жыйылбаган береги эгемендик чейрек кылымда, мындай журт бузар кеселман адат ого бетер тереңдеп, аялзатынын басымдуу бөлүгү касиеттүү коломтого конок кейпин кийип, далайлары таптакыр оолактап, тентип да кетти. Энеси да өппөгөн айчырай кыздардын армиясы аалам кезип акча издеп, көрүнгөнгө тийип кеткен, ары жагын айтпай ак койолу, аянычтуу тагдырларды козгобогондо да атыңдан кагылайын ак элечек зайыптардан ОБОН деген каймана аттуу тажаалдар да бизден чыкты. Албетте, бул оорду оңой менен толгус трагедияга “алтын баштуу” кыргыз эркекзаты иралды өзү автор, милдеткер, күнөөкөр…

Эми айла кеткенде Элвира депутат карындашыма кайрылаарым бул: Атанын аркасы, байлыгы менен да дейли саясатка келип, өзүңдүн катарыңды да акжоолукчандар менен толуктагың келип турганы депутаттык милдетиң чыгаар, бирок сөөмөй кезеп, буйрук берер атка минерлик эле кызмат эмес, аялзатына көбүрөөк ылайык ишкана-фабрикаларды түптөп, ишке салууга демилге көтөрсөң, өзүң да акчаңды сарптап уюштурсаң, анан өкмөт жетекчилерин өмгөктөй “жер сабасаң” куп жарашат беле, атаңдынгөрү…

Ал эми менин курган башымды катырганы, канткенде кыргыз аял затын коломто-үйгө, Жараткандын жазаты менен тукум көбөйтүп, наристесин алпечтеп чоңойтуп, келечек ээлерин татыктуу тарбиялоо милдет жоопкерчилиги үчүн жаралган назик, мээрим, ыйык затын толук кайрып келебиз деген, көйгөй болуп, жатпайбы, садагасы…

 

“Башканы коюп Манасты айт!”

Эл сөзү

Эки апта мурдараак чөнтөк телефонго маданият министирлигинен Бүбүайша Арстанбекова карындашыбыз чалып, эртеси КТРКнын “Улутман” берүүсүндө КР Эл баатыры Бексултан Жакиевдин авторлугунда түзүлүп, “канондоштурулган варианты” деп жүрөт, он миңдеген нускада жарыкка чыгып, андагы элге билим берүү министири К. Садыковдун атайын буйругу менен мектептерге хрестоматия- окуулук катары таратылган, албетте бекер болбосо керек, “ “Манас” кыргыздардын баатырдык эпосу” деген китепке талкуу өткөрүүлөрү, ага элге билим берүүнүн азыркы министири баш болгон тиешелүү адистер катышаары, талкууга менин да чакырылганымды кабарлаган… Ошол-ошол болду, эртеси аталган карындашыбыз кайра чалып, телевидениеде электр энергиясына байланышкан кемчиликтен улам иш-чара кийинкиге жылдырылганын билдирди. Андан бери күндөр өттү, электр жарыгы деле оңолгондур, бирок, ток этээри жыйын башка себептер менен болбой калды шекилдүү.

Айла жок, мындайда арабадан түшө калып алдыга чуркоого туура келет экен. Дегеле “ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” демекчи, муну мен айтпасам, эртең башка бирөө айтат дегендей, талкуу бүтүндөй китепке эмес, “Манасты” окуучуларга жеткирүүнүн төтө жолу болгон канондоштурулган — ​кыстырылган варианттагы китепти кош колдоп колдоор элем, китептин ичиндеги Манастын Каныкейге баш кошушу, анын ичиндеги айкөл бабабыз менен касиеттүү энебиздин, тагыраагы “төшөк маданияты” же орусча секс маселеси жөнүндө болмок… Энди деп, казак боорум айтмакчы, эзмелеп же майдалап отурбайлы, эки бетке чукул берилген “кокуй!” окуяны кайран Сакебиз (Каралаев) кайсы бир жоро бозодо айтып койгону талашсыз дечи, аны кызыктар окурман өзү таап окуп алсын, ошону элге, болгондо да жаш муунга жарыя салып, окутуу зарыл беле, атаңгөрү… Же баягы жылы СПИДге каршы күрөшүү борборунун башчысы Шапиро дегендин балакайларга жан кумар ыкмасын үйрөтүү усул-методика китебин баса калып жок кылган кыргыздар улуттун рух байрагы “Манас” мухитинин кадырына, менин жеке көз карашымча, оңбогондой доо кетирген, Каныкей энебизди машыккан аялдай “кыңшылатып” жатса доо кетирген эмей эмне…, баатыр акебиздин “баатыр” китебин көз жаздымда калтырганы, же элибиздин кайдыгерлиги, же окубагандыгы, же айрымдар айткандай ашкере маданияттуу-цивилдүүлүгүбү, жана да атаңдынгөрү дүнүйө…

“Төшөк маданияты” темасы демекчи, манасчы да акын-төкмө деген эле маани, бул интим поэзиядан дүйнөлүк сыяктуу эле кыргыз акындары да кыйгап өткөн эмес, өтө албайт дагы. Бирок, “жабылуу аяк” жабылуу бойдон калган. Эсеби маселен Байдыкенин (Сарногоев)“Эшек дептерине” байланышкан окуяга катышкан адамдын айтып бергени менен сөзүбүздү тамамдабасак, дагы да Алым аке айтмакчы калемди кайрадан алакачтырганы турабыз эй! Анда өткөн кылымдын 80-жылдары экен. Мамлекеттин планы менен жер кыдырып жүргөн акын-жазуучуларды Чолпон-Атада бирөө мейманчылап отуруп, алагүү болгон чекке жеткенде үйдүн ээси Байдыкеден алиги “Эшек дептерин” айтып берүүсүн кайра-кайра суранып туруп алды дейт. Ошондо кайран акын ойлонуп туруп, “ Эмесе баатыр, стакандарыңды эшикке ала чык!” деп, отургандарды эрчитип, огороддун тээ башына басып барат да, “Эми арагынды чөйчөкө толтур! Мындай ырларды бала-чака, кыз-кыркындан алыс, мынамындай туалеттен ары барып, анан айтса жарашат. Эмесе уккула!..” деп, нөшөрлөтө төгөт…

Биз аңыз кылган, суктанган байыркы көчмөн доорлордун театры болгон манасчылык өнөрдүн соңку алп-могикандары Сагынбай да, Саякбай да СССР бийлигинин кысымында коргондолгон жана кор да болгонун эстей алабызбы… “Манаста” партиялуулук жок дегендей келжирбей бийлик башчыларынын кысым, талабынын айынан айласы кеткен кайран Саякбай абабыз:

“Калп айткан менен болобу,

Калп айткан киши оңобу.

Кайран Манас, эр Манас,

Кара кулак шер Манас

Партияңда жок эле…” деген экен да. Эми ушуну да китепке кийиребизби? Ансыз да улуу рухий дөөлөтүбүз калем сыноо полигонуна айланып бүттү го…

Кыска айтам… Кайран Алым аке Токтомушев жазгандай, “ Айкөлдүн арбагы эч кимди тынч уктаткан эмес. Кыргызыңды да, кыргыз эместерди да…” Сиз кандай дейсиз, окурманым? Эмесе, КТРК да болбой калган талкууну ушул гезиттен уласак, жол ачык.

Дүйшөн Керимов

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: