ИИМдин “ирип” кеткенин буга чейин эле жазып келгенбиз. Бул жолу бир жума аралыгында одоно факты катталды. Эгерде коомчулук реакция берип, нааразычылык курчуп кетпегенде аягы эмне болмок?
Кордолгон өспүрүм кыздын тагдырына милиция кайдыгер
Аз күн мурун 16 жаштагы кызды чырылдатып көшөгөгө сүйрөп кирип, качып чыкса да күчкө салуу менен мажбурлап, жансоогалап ыйласа да зордоп жоолук салып аткан тасма соцтармактарга тараган. Көп өтпөй окуя Таласта болгону айтылып, 35 жаштагы эргул аял кылып алмакчы болгону да маалымдалган. Көпчүлүк күбө болгондой эле тасмада жашы жете элек кыздын кордук көрүп атканы ашкереленип атса, бул боюнча кылмыш иши козголбой, ИИМ адаттагысындай эле «эч кимден арыз түшкөн жок» деп ийин куушурганы коомчулуктун кыжырын кайнатты. Дал ушундай көрүнүшкө ИИМ кайдыгер карап атса, анда мындай зордук-зомбулук өнөкөткө айланып кете турганы айдан ачык эмеспи. Тескерисинче, чырактай кыздын тагдырын тебелегендерди үйүр тобу менен жазалап, жалпы элге жарыялашса сабак болмок, мындай ыплас жоруктардын кайталанышы азаймак.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ