Казакстанда жергиликтүү жана кытайлык жумушчулар ортосунда кайрадан чыккан чырдын себептери иликтенүүдө.
Алматы облусунун полиция департаментинин маалыматына караганда, Аксу районунда 7-октябрда «Citic Construction» ишканасынын жол куруп жаткан жумушчулары арасында тутанган чырдан улам мушташ чыккан, бир кытай жараны жеңил жаракат алган.
Эртеси күнү чыр кайра уланып, дагы төрт кытайлык жаран ооруканага түшкөн.
Текшерүү учурунда 33 кытайлык жумушчу Казакстанда мыйзамсыз жүргөнү аныкталган, учурда аларды өлкөдөн чыгаруу аракети көрүлүүдө.
Быйыл июнь айында Тенгиз мунай кенинде, ал эми августта Караганда облусунда да чет өлкөлүктөр менен жаңжал чыккан.
Жалпысынан Кытай Казакстанга эң көп инвестиция салган төрт мамлекеттин, ошондой эле эң көп карыз берген үч өлкөнүн бири. Расмий маалымат боюнча, Казакстандын Кытайга төлөй турган карызы 12 миллиард доллардан ашат.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ