Жаштардын Gala Teatr театралдык студиясынын он жылдык маарекесин утурлай ар шаршемби күндөрү башкалаабыздын автобустары менен троллейбустарында “Поэзия жолу” деген акция өтүп турмакчы. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
КРнын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова Gala Teatr труппасы менен бирдикте бир күн бою жүргүнчүлөргө С.Есениндин, А.Пушкиндин ырларын, Петрарканын сонеттерин ж.б. классиктердин ырларын үн чыгарып окуп турушат. Артисттерге Бишкек автотранспорт ишканасынын жана шаардык троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери көмөк көрсөтөт.
“Бардык шаардыктарды коомдук транспортко олтурууга чакырам, бир аз да болсо поэзияга чукул бололу” – дешти мэриядагылар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ