Төрөбай Зулпукаровдон кийин эле вице-спикер Аида Касымалиева пиар иштерин күчөтүп, соцтармактардагы сүрөттөрүн улам жаңыртып, барган жеринен мактанычын манчыркай жазып, алдыга гана чыгуунун амалында келатат. Модель болсо таза кууратмак окшойт. Учурда мамлекеттик телеканалдардан баштап, радио, интернет желелеринен бери Аида айымды көрө берип, тажагандай деле болдук. «Чабал өрдөк эрте учат» болбой, кичине тизгинди тарта туруп, шайлоо башталганда деле теминип чыкса болбойбу? Минтип отурса элди иренжитип алып, аягында добушсуз калбайбы? «Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат» дечү беле?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ