Menu

Кечээги сырдаштар, бүгүн кайчылаштарга айланып, АШАнын айласы түгөндү

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн күнү-түнү чыкпай, Атамбаев дегенде жанын берүүгө даяр болчудай көрүнүп, Атамбаевдин ишенген чоролорунун бири болуп саналган Алга Кылычев өзүнүн “шефинин” кандай пландары болгонун тергөөгө төкпөй-чачпай, баарын ирети менен тизмектеп, Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатканын жактоочу Замир Жоошев айтып чыкты. Анын айтканы боюнча, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге келген.

Алга Кылычев мурунку президент мыйзамдуу бийликти тоготпой, өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек келтирген мезгилден баштап анын колтугунда жүргөндүктөн, анын кандай план түзгөнүн, планын кандай ишке ашырууну көздөгөнүн, ага кимдер жооптуу болгонун жакшы билет эмеспи. “Шефтин” айтканындай болот деп өзү “Форумдагы” митингдерге катышканын эске алганда. Ошондуктан, Кылычев Атамбаевдин мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн тергөө кызматына айтып жатпайбы. Алга бир эле Атамбаевге гана эмес, Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге дагы каршы көрсөтмө берген. Кылычевдин айтканы боюнча ушул адамдар Кой-Таштагы башаламандыкты уюштурушуп, атайын кызматтын балдарын барымтага алышыптыр. Көрсө, Атамбаевдин Кой-Таш элдик республикасы деп айтып жатканы жөн сөз эмес экен да. Алганын айткандары баарын ачыктап жатпайбы.

ИИМ Кылычевдин көрсөтмөсү менен Кундуз Жолдубаеваны тергөөгө чакырып, ал жаш кызын кошо алып келип, темир тосмодон кичинекей кызы менен коштошуп жаткан сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырып, элди элжиреткиси келди. Кундузду чындыгында камоо менен эч нерсе өзгөрбөйт, бийликке деле аброй асмандан түшүп калбайт. Маалымат катчылык милдетти аткарган Кундуз күрөшө турган фигура эмес. Бирок, Атамбаев Садыр Жапаровду атасы өлгөндө дагы топурак салганга жибербей, көшөрүп кармап олтурган. Муну дагы эске ала жүрүү зарыл.

Кылычевдин көрсөтмөсү КСДПны будуң-чаңга салды. Партия лидеринин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова күбө катары саналып келсе, Алганын айтканынан кийин айыпталуучуга айланып, үй камагына камакка алынды. Кийинки кезек Мискенбаевге келип жеткендей…

Анткени, “Фейсбуктагы” “Крик души” деген баракчада “Алга Кылычевдин туугандары эмне дейт?” деген чакан маалымат чыкты. Анда “Алга Кылычев ак көңүл, жакшы жигит болчу. Кимге убада берип койсо аны аткарып, аягына чыккысы келчү. Атамбаев менен жакшы мамиледе болгон. Ал акыркы убакта чакырып алып, “Мен сага көп жакшылык кылдым, адам кылдым, эми мени менен аягына чейин болосуңбу?”-деп мажбурлай берди. Атамбаевдин жанында жүрүп көп акча алды деген дагы жалган кеп. Акчанын баарын Мээрбек Мискенбаев деген алган. Алга эч кандай жаман иштерге аралашкан эмес. Атамбаев эркине койбой сөгүп-сагып, бир кезде кылган жакшылыгын кайра-кайра айтып тажатып жатканын сөз кылган. Өзү кант диабети менен ооруйт. Мындан ары ага саясат эмес, ден соолугу керек. Атамбаев көп адамдын убалына калды, тынч отурбай” – дейт А. Кылычевдин туугандары” деп айтылды.

Акчанын баарын Мээрбек Мискенбаев алган деп ишенимдүү айтылып жаткан соң, ага болгон көрсөтмө далили менен болсо керек.

Абакта жаткан АШАда арман көп… Өзү ишенип чогултуп, баарын сырдаш кылган адамдары, бүгүн бири-бирин сатып, каршылаштарга айланып олтурат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: