Укук коргоо органдарынын тузагына илинген «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаев абийирине чыдай албай «жарылып», Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова менен бирге мыйзамсыз иштерди жасаганын шурудай кылып тизип берди. Социалдык түйүндөрдө тараган тасмада таамай көрсөтүлгөндөй, Абдуллаев электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн 20 миң доллар алганын билдирген. Мыйзамсыз кадамга барууга Шаикова мажбурлаганын айтып, пара катары алынуучу акча анын иш бөлмөсүнөн сүйлөшүлгөнүн шардана кылды. Эсиңиздерде болсо керек, биз тээ башынан эле Шаикованын алкымы бузук экенин тынбай айтып келгенбиз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ