Москва шаарынын аймагында өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган И.В. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жогоруда аталган жаран Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 246-беренесинин 4-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
2016-жылдын мартында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин БМЖККБнын кызматкерлери тарабынан “Наркоман” рейди жүргүзүлүп, 1992-жылы туулган И.В. аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда майдаланган өсүмдүк түспөлүндөгү кочкул-жашыл түстөгү зат табылган.
Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат-NBA(N)-CHM. Акыл-эске таасир берүүчү каражат болуп чыккан. 2016-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 300 000 өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жаза дайындалган.
2018-жылы Чүй облусунун Сокулук райондук соту Сокулук райондук сотунун соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөсүнүн негизинде жогорудагы жаранга дайындалган айып пул төлөө жазасын – 5 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштырып, андан соң издөөгө алынган.
Издөө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда жогорудагы жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү боюнча маселелер чечилип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ