Кечээ күнү Манасчы Дөөлөт Сыдыков, режиссер Ырыс Окенова, Мелис Мураталиев “АКИпресс” маалымат агенттигинде Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун “Манасты ким тааныйт” деп келеке кылып, кыргыз улутунун өзөгү болгон рухий баалуулукту тебелеп-тепсегенге жол бергенин айтып чыгышты. Мындан улам, иштен кетүү талабын коюшту. Көрсө, Үсөн уулу ар жума сайын КТРКнын эфиринен «Манас» эпосу боюнча кеткен берүүгө каршы болгон. Өткөн берүүсүндөгү Манас атындагы арак чыкпасын деген катуу сындардан кийин, Үсөн уулу редакциянын башчыларын чакырып алып “Манас деген ким, тааныйсызбы?” – деп келеке кылып урушуп, телеберүүгө тыюу салган. Манаска асылгандар соо болчу эмес эле, Жайнактын көзүн май басып, бирди көргөнү калган окшойт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ