Menu

Видео – ИИМдин калпын чыгарган бул тасмадан кийин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев офицердик чечим кабыл алып, кызматтан өзү кетиши керек

Бөлүшүү:

Бир мамлекеттик деңгээлде расмий айтылган калптын хронологиясы:

7-октябрь күнү Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев КР ИИМдин Ички аскерлеринин Баткенде жайгашкан бөлүгүнө Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү 2 джипти белекке берип, өз колу менен тапшырат. Ар бир джиптин баасы 63 миң евро экенин Эркин Мамбеталиев өзү айтты. Ошондо 2 джиптин баасы 126 миң еврону чапчыйт.

8-октябрь күнү ЖМКларда жана социалдык тармактарда бул факты чоң резонанс жаратат. Анткени Эркин Мамбеталиев 2008-жылы КР Жогорку соту тарабынан КР ИИМинин полковниги Чыныбек Алиевди кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен бирдикте атып өлтүрүшкөн (дагы башка 8 адамдын өлүмү боюнча да) деген айып менен өлүм жазасына мораторий кабыл алынгандыктан өмүр бою эркинен ажыраткан. Полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүрүүгө пайдаланылган машина Алмаз Атамбаевдин гаражына бекитилген жеринен милиция тарабынан табылган. Тергөө ал машинаны Эркин Мамбеталиев менен Икрамжан Илмиянов айдап барып катып коюшкан деп далилдеген. Анткени ал кезде Мамбеталиев бизнесмен Атамбаевдин жан сакчысы да болуп иштеген. Ошондуктан 2010-жылы Атамбаев бийликке келери менен өмүр бою кесилген Мамбеталиевди дароо абактан чыгарып алат.

8-октябрь күнү кечинде,коомчулуктун сынынан кийин ИИМ: “Ал  Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү 2 джип чын эле Эркин Мамбеталиев деген жарандыкы, бирок биз аны белекке алган жокпуз. Ал машиналарды текшерүү үчүн гана токтотуп, биздин милицияга караштуу короого токтотуп койдук” деп билдирүү таратат.

9-октябрдын кечинде ИИМ “Эркин Мамбеталиевдин 2 джипи терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыппул салынып, кайра өзүнө кайтарылып берилди” деп билдирүү таратты.

10-октябрда ИИМдин айткандарынын баары калп экенин далилдеген видеотасма тарады. Анда Эркин Мамбеталиев ИИМдин Ички аскерлеринин Баткендеги бөлүгүнүн жоокерлерин катарга тизип коюп, командирлерине 2 джипти белекке берип, ачкычтарын тапшырып жатканы сөздөрү менен кошо чагылдырылган.

“Мен бул эки джипти силерге чын жүрөгүмдөн белек кылып берип жатам. Докуменнтерин Бишкекте, ИИМде белек катары каттаттык. Муну пиар кылып сүрөткө деле түшкүм жок, бирок тияктагы чоңдоруңар тапшырып жатканда сүрөткө түшүп койгула, керек болот дешти” деп сүйлөп, ИИМ кызматкерлерине ийгилик каалайт.

Ошол эле 10-октябрь күнү Эркин Мамбеталиев ЖМКларга интервью берип ал 2 джипти чын эле жакшы тилек менен, чек ара кайтарууга жардамы тийсин деп белекке бергенин мойнуна алат.

Ошону менен ИИМ системасынын 8-9-октябрларда расмий тараткан билдирүүлөрү карандай калп болуп чыгат. ИИМ полковник Чыныбек Алиевди өлтүрдү деп айыпталып соттолгон Эркин Мамбеталиевден 2 джип белекке алганы чын чыгат. ИИМдин системасынын офицерлери калпычы экендиги далилденет.

Мындай калпы ачылган учурларда офицердик намысы бар эрендер өздөрү отставка кетип калышчу эле. Биздин министр Кашкар Жунушалиев унчукпайт. Эч кимди да жазалабайт. Оозуна суу ууртап алышкансып баары тымпыйышат. Мындай учурда Акаев доорунда, 1996-жылы кичине эле калпы чыгып калып, уятынан  өзү отставка сурап кеткен Ички иштер министри, генерал-майор Мадалбек Молдашев деген эске түшөт.  Мадалбек Молдашев уяттуу, намыстуу офицер экен!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: