Menu

Чодуев калпычыбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева: “ЕАЭБге кирген мамлекеттер Кыргызстандын канча айыл чарба продукциясын өткөрбөй артка кайтарды?” – деп Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге суроо узаткан. Министр оозу-мурду кыйшайбай туруп “ЕАЭБ мамлекеттерине жөнөтүлгөн товарларды чек арадан өткөрбөй койгон фактылар жок” – деп так кесе айткан. Мына 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Россельхознадзордун Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Россиянын федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте Казакстан менен чектешкен бекеттерден Кыргызстандан товар ташып бараткан автоунааларды токтоткон. Текшерүүдөн кийин Кыргызстандан бара жаткан 20 тонна кургатылган мөмө-жемишти фитосанитардык сертификаты туура эмес деп артка кайтарган. Карантиндик-фитосанитардык талаптарга жооп бере турган документтери жок 19,6 тонна болгар калемпири жаңа 78,9 тонна жүзүм, анар, күрүч, курма, грек жаңгагы, кургатылган мөмө-жемиш Россияга кирбей калган. Ошондой эле бул күндөрү Казакстандан бара жаткан 241,3 тонна товар да артка кайтарылганы айтылат. Мындан сырткары, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтында 15-21-июль күндөрү Кыргызстандан алып бараткан 500 килограмм алча, 22 тонна пияз жана 10,4 тонна мөмө-жемиш артка кайтарылганы жазылган.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: