Menu

Султан Раев: “Ушу Бекен Назаралиев деген чыйканды гезиттен кетиргиле, гезитиңерди майкөл, сүткөлгө айлантабыз” – деп жазуучулар да келген”

Бөлүшүү:

Бекендин порт…ирети

Бекен досубуз 60ка чыгыптыр. Ага ким ишенет? Бул да табияттын катасыбы деген ойго келесиң, метрикада – 60, жашоодо – күлгүн жигит. Өмүрү гезиттен гезитке өттү. Бир кырдуу, бир сындуу. Оюн ортого салбай, ичинде кармайт. Сөзгө сараң, ойго терең. Анын үч кесиби бар. Биринчиси – сүрөтчү, экинчиси – журналист, үчүнчүсү – жазуучу. Өнөрдүн үч хандыгынын Ордо башы да өзү. Биринин артынан сая түшүп кетсе, башын канжыгага байлап бир жүрөктүн сүйүүсүн, эки колдун күчүн, эки буттун баскан жолун бир багытка арнаса гениалдуу адам чыкмак беле деп ой боолгоп кетем.

Баягы эсил кайран СССР кулаган жылдары Бекен экөөбүз «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» дегендей гезит ишине, журналистикага кеткенбиз. Журналистика – кырчындай жаштыкты жүр арыга салып, убакыттын кандай өткөнүн билбей да калдык. Өмүр биз үчүн жумалап, айлап, жылдап өтпөй жаңы чыккан гезиттин саны менен бирге өттү. Жаштыктын бүрү да, гүлү да гезиттин беттеринде окулуп, окулбай калды. Кыздарды карай турган коз майыбыз сөздөрдүн майына сиңип жок болуп кетти. Гезитте түнөп, гезитте таң атырдык.

Денебиз эркектердин эң мыкты ТОПуна кирген Раco Rabanna, Ниgо Воss, Кеnzо, Lacostе, Сіorgio Аrmаni, Dior, Givenchy атырларындай жыттанбаса да, гезиттин майы, гезиттин боегу жыттанып жүрдү. Кээде гезит чыгарган жерде түнөп калып башыбызга гезиттин «рулонун» алдыбызга төшөнчү кылып гезиттин бетин жамынып жатабыз. Журналисттик менюда өтө жупуңу нан суу же суу нан…ушул рацион орун алмаштырганы менен «сумма» алмаштырбай, ач карынды ток, ток карынды ач кармап келди.

Биз «Кыргыз руху» деген аты-заты бийик, анча-мынча адам атын көтөрө албаган гезитте бирге, чогуу иштедик.

Биз менен чогуу иштеген адамдардын аты да, Кубат аке айткандай өзүнчө эле поэзия Мамат (Менин замым ишенген кожобуз да, кармаган тамырыбыз да ушу Макем эле, гезиттин битин да, сиркесин да сыгып, «Ата, атка, так, как» деген сөздөн төрт ката кетирген сары ооз журналист балакайлардын катасын оңдоп, кабагым-кашым деген эмес), Эрнест (Легендарлуу фотосүрөтчү, Бекен экөө кыргыз журналистикасында «Коллаждын атасы» деген лакап менен калып калды. Ар бир сүрөтүн Вашингтондун сүрөтү чегерилген купюра менен баалачу. Чындыгында мастер эле):), Карбалас ( Какеми түшкө чейин Адам, түштөн кийин «Кентавр» деп койчубуз), Мамасалы (Биздин гезиттин интеллектуалы, окумалы, эл аралык серепчи эле), Айбек (Айбек гезитте жүрүп» Биздин бухгалтер, кийбейт такыр бюстгалтер» деген сабы менен адабий майданда ысымы калды, бирок бухтун жинине тийип алганбы, айлык маянасын дайым майда акча менен бир короо кылып алчу эле), Айданбек ( 24 жашында Фрунзе заводунун жатаканасында жатып, кадимки эле Гетенин «Фаустун» которгон эрдиги бар), Бахпур (Кадимки Бахпур паашаныкындай духу бар эле), Камара (Айтылуу Салибай Шатмановдун жары. Кайран Саликем жаш жарынан кабар алганы бир күндө беш жолу келип турчу. Карыганда сүйүү ушундай күчтүү болобу), Кылычбек (Азыркы гезит магнаты, экс элчи,экс-министр биз менен иштеген), Сакы (Көп жылдар бою эркиндик жылдары «Эркин-Тоону» башкарды), Турусбек (Тукем дүйнөнүн 50 тилинде буудай кууруйт эле), Бакай (сологой жазмакер), Нургазылар (Бирөө ода жазса, бирөө мемуар жазчу), Венера (Поэзия менен назиктиктин символу эле бул кызыбыз) Албетте… Алик Акималиевди кантип айтпайбыз, жумушка эшиктен кирип, кеткенде терезеден чыгып кетер эле. Акын да. Муну менен баары айтылып турат. Кудай деле бир адамга кечирим бар. Ал – акын! деген турбайбы. Маал-маалы менен кабар жазып, андагы женпеддин студенти Чолпон Орозобекова келип турчу. Жазганын жактырбай, жумушка кезегинде албай калган элек, өзү айтмакчы, «Бизге өчөшүп» атактуу журналист болуп кетти. Эми көз деген дайыма эле рентген эмес экен.

Не деген гезитибиздин аты зыңк, өзүбүздүн атыбыз «кыңк» болуп, супарасы курук, аты улук болуп иштеп жүрдүк. Биздин «рухчулар» бирдемкени билбейт эле «заказной» макаланы, «платный басканды». Гезиттин эшиги күнү-түнү ачык.

Кимдер гана келбейт эле… жазуучусу да, акыны да, киночусу да, кудайдан жөө качкандар да, кудай менен өзүн теңегендер да, Президент болбой калган шордулар да (Кубанычбек Апас, Өмүрбек Бөлтүрүков), Президент болгондор да, патриоттор да, батирчилер да, көзү ачыктар да, колу жабыктар да, шаарга адашып келип бир жума кетпей койгондор да… Айтор рухтун иши күрүлдөп тынымы жок цехтей иштеп турчу.

Айтор, ушу күү-шаанын шарында Бекен баатыр менен бирге иштедик. Бекендин бир өзгөчөлүгү бирөөнү мактап бир макала жазбады. Анын журналисттик лексиконунда жакшы деген эпитет жок эле. Сынды катыра жазчу. Кой десек да болбой жазчу. Акаевди баш кылып, Талгарбековду каш кылып.

Бир жазып бир койбой, эки жазып эки койбой, жазган адамын кызматтан алып түшпөсө жаны тынчу эмес. Дагы бир өзгөчөлүгү ошо кызматтан алып түшкөндөр менен кийин шилекей алышкан жакын адам болуп калчу. Маскөөдөгү Акаевден да интервью алып келди. (Кайран Акаев ушу баланы кезегинде байкабаптырмын деп, обдулуп алса да керек). Мындай журналистикалык терапия бир гана Бекендин колунан келчү.

Акшындатып сындаган Бекен, актанганы биз. Мамат экөөбүзгө жок жерден проблема жаратып турчу. Кээде иш сапар менен Мамат экөөбүз алыска жөнөй турган болсок, анда Бекендин күнү тууп, гезиттин 16 бетин сынга толтурчу. Этектей-этектей сындар жарыяланып, Кыргызстан ызы-чуу түшүп калар эле.

Эң кызыгы сынга, чырга толгон гезитти чыгарып, биз келгенде куйрукту түйгөн бойдон Акманды карай акмалап жөнөп калат эле. Эми сын чыккандан кийин анын каармандары гезитке тим эле агрессордой кирип келип, жаңжалдын сманын көккө сапырат эле. Кыйын болсоң аларга бирдемке деп көр. Бир зөөкүр чалыш неме Маматты бир жолу чык көчөгө, машина менен бастырып кетейин деп айтканын да кулагыбыз чалган. Ошондо соцтүйүндүн жоктугу ай, ватсапка тартып, ФБга берчү адамдар көп эле.

Бекенди эр жүрөк журналист десек жарашат. Ал айтылуу Акыйкатчы Турсунбек Акун экөө жетелешип алып Чечняга барып, кадимки эле Жохар Дудаевдин жан-жөкөрлөрүнө президент Зелимхан Яндарбиев, андан кийинки президент Аслан Масхадов, Шамиль Басаев, Мавлоди Удуговдор менен жолугуп, сыйын көрүп, кавказдыктардын папахын кийип, канжарын белге тагып келген эрдиги бар.

Ок учкан жерден үрөйү учпай, кан күйгөн жерден кабагым-кашым дебей репортаждарды жазып, диктофонуна бир жылдык теманы жазып келер эле. Ал ал болду, кийин Баткен коогалаңы чыгып, террористтер кирип келгенде жаалы кайнаган бандитгердин ордосуна кирип барган. Бекендин жаны бек экен, аялына Акманга кеттим деп, өзү бандиттердин тылына кирип кеткен эрдиги бар эле. А тууралуу түрмөк-түрмөк макала жазды. Кийин «Баткен туткуну» деген романды жана киносценарийди жазды.

Эми өзүбүздүн редакциялык «секретно» деген купуя сырыды ачып койсок болот. Бир сапар андагы Акаевдин заманында, бизге ачык текст менен эле «Ушу Бекен Назаралиев деген чыйканды гезиттен кетиргиле, гезитиңерди майкөл, сүткөлгө айлантабыз»,- деп жуучулар да келген.

Бардар жашоодон, Бекендин барчылыгын тилеп гезиттен кетирбедик. Гезиттин үстүнөн канча кара туман уюлгуду. Ошо кезде биз системаны сындадык, азыркыдай түртмө мылтык менен «персоналийлерди» сындабай, журналистикада таза, өз кесип миссиясын эчтекеге айрыбаштаган кесипкөйлөр иштейт эле. Гезитке канча бут кирсе, ошончо кут кирет эле.

Атактуу Салижан аке Жигитов, Докем Садырбаев, Молдо Кара кадимки эле Сатыбалды Жээнбеков, кыргыздын эзопу Кубан Мамбеталиев сыяктуу мыкты калемгерлерибиз макалалары менен редакциянын мешин улуулата от жагып, жылытып турчу.

Эми аны баары бир көргөн дүйнө боктой, элесибизде эле калды. А кезде журналисттик абийир деген бар эле, канткен менен. Чындыктын туусун колуна чыркырата кармаган Бекен досубуз да ошо абийирдин туткаларынын бири болгон.

Бекен былтыр эки килтейген китеп чыгарды. «Кун», «Баткен туткуну» деген роман. Биз он жылда бир роман жазсак, Бекең абышка тиш чукур менен тишин тазалагыча бир романды жазып салат. Анын ушундай архи жөндөмү бар.

Эки романы тең элге тарап, эл тытып окуп жатып калды. Канткен менен, рухтагы алган духу текке кетпей мыкты чыгармаларды жаратты. Ал тууралуу академик Абдыганы Эркебаев, профессор Сулайман Кайыпов алкоо сөздөрүн айтты.

Эми биздин дос, бир чети ушу алакандай макаланын каарманы Бекен Назаралиев 60 жашка келип олтурат. Бекен 60ка чыкса…демек мезгил деле салаадан аккан кумдай турбайбы. Кечеги жигит бүгүн Жантай хандан улуу жашты ашап, турмуштун бир белесине келди. Кантебиз эми, Кубат акенин каарманы айткандай «один гавариш, два говариш» реальность ушундай. Андан эч ким жөө качпайт. Бекендин кыргыз журналистикасында, адабиятында орду бар, салмагы, кадыры бар. Ал турган сөз.

Эми Бекен ашар белдер алдыда…

Р.S. Бекен Назаралиев өзү айтмакчы, «Анын бу турмушта бир гана начальниги болгон – ал Султан Раев.» Бу макаланы начальниги катары эмес, жакын досу, жакын калемдеши катары жаздым.

Бекен күндө эле 60ка чыгып жатыптырбы?..

Султан Раев, Кыргыз Эл жазуучусу

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: