Menu

Активисттер: “Бишкек мэрин эл шайлашы керек” деп чыгышты

Бөлүшүү:

Бул тууралу өзүнүн Facebook баракчасына MoveGreen экологиялык кыймылынын башчысы Мария Колесникова жазып чыкты.

“Жакында Кыргызстанда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Эл башкалаабыздын өнүгүшүнө салым кошо тургандарды тандап алышат. Соңку мезгилде партиялардын атынан чыккан депутаттар шайлоо алдындагы программа-убадаларын аткарбай келишет, а мэрлер шаардыктардын пикирин укпай калды. Шааркеңештин депутаттары өйдө жакты гана угуп, бир добуштан жалгыз талапкерди колдоп беришчү болду. Ошондуктан, биз баш калаанын мэрин эл шайласын деген демилге менен чыгып жатабыз. Мэрди эл шайласа, ал түздөн-түз эл алдында жооп берип калат. Ал шаардын өнүгүү программасы үчүн жоопкерчиликти мойнуна алат. Веложол салынышы керекпи, жертөлөгө канча акча жумшалат, аянттар менен парктар ыңгайлуу болобу, кайсыл жакка жол салынат, кайсыл бак-дарактар кыркылат, коомдук транспорт өнүгөбү, ж.б.у.с көптөгөн көйгөйлөр шаардыктардын тынчын алып келет. Аларды эл менен бирге депутаттар чечип жатабы, же мэр кеңешип жатабы?” – дейт Мария Колесникова. Ошондой эле азыркы тапта шаарга кайдыгер эмес бир кыйла кишилерден турган демилге топ түзүлүп, “Бишкек мэрин эл шайласын!” деген талап коюларын белгилеген.

Шайлоо мыйзамына өзгөрүү кирүү менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2021-жылы жазында өтөт. Бишкектин мэри болуп Азиз Суракматов 2018-жылы август айында Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында мэр болуп шайланган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: