Menu

Кол алдында иштеген айымга төшөк мамилесин сунуш кылган ишкананын директору ким?

Бөлүшүү:

“Кыргыз геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн методикалык экспедиция” мамлекеттик ишканасынын директору кол алдында иштеген айымга төшөк мамилелерин сунуш кылып келген. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Тоо кен-металлургиялык кесиптик кошуунунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев журналисттерге маалымадады. Кесиптик кошуунга ишкананын айым кызматкери кайрылып, директору Жаныбек Дүйшеев бир нече ирет ачыктан-ачык төшөк сунуш кылып жатканы боюнча кайрылган.

Директор эгерде айым аны менен төшөккө жатса, ишин кыскартпастыгын билдирген. Бул сөздү айым видеого тартып алган экен.

Бул факт боюнча кылмыш иши Бишкектин Биринчи май раойнунун Бирдиктүү реестрине киргизилген. Тажибаев Башмыйзам боюнча ар бир жаран эркин мамилеге жана жеке кол тийбестикке ээ экенин айтып, Эмгек кодексинен беренелерди келтирип, 2019-жылдын 21-июнунда аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы Эл аралык эмгек уюму Конвенция кабыл алганын белгилеп өттү.

“Биз премьер-министр М.Абылгазиевге кайрылдык, иш сотко өткөнчөктү Жаныбек Дүйшеевди токтоосуз жумуштан алуу керек”. – деп бүтүрдү Э.Тажибаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: