Menu

Видео – 12,5 жылга кесилген Мамкаттоонун аткаминери сот өкүмүнө арызданып жатып, эркиндикке чыгып кетти

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Мамкаттоонун Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго чыккан өкүмдү өзгөрттү.

2019-жылы март айында Бишкек Октябрь райсоту аны 12,5 жылга кескен. Эми анын арызына ылайык шаардык сот карап, бир катар жазаларын бириктирип келип, 3,3 млн сомго айып төлөөгө өкүм чыгарып, сот залынан бошотуп жиберди. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында камакка алынган. Тергөө учурунда автотранспортторду каттоодо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталган.

ММКларда пара алып жаткан видеосу да тарап кеткен эле. Алмаматов күнөөсүн мойнуна албай койгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 21-декабрында Мамкаттоо кызматынын алдында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин базасында  “Унаа” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Эми автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн “Унаа” ишканасы жооп берет.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: