Menu

Кызыкчылыкка кызара баштагандар

Бөлүшүү:

Элитабыздын жүзүн эмне деп айтаарды деле билбей калдык. Трибунадан ызылдашкан, көчөдө кучакташкан элитанын жүзүн жүз жолу көрсөк да, аларга болгон мамилени өзгөртө албай келебиз. Жакында еткөн Казакбаевдин уулунун тойунан кийин биздин өлкөнүн саясатчыларынын жүзүн чындап тааныдык го сыягы. Принцип, абийир деген биздин саясатта жокко эсе эле болуп калыптыр. “Эми тойго чакырса барат да” деген акылдуулар деле чыгаары турган иш. Бирок, буга чейин айтпаганды айтып, “ал коррупционер, бул кылмышкер” деген сөздөрү кайда калат десеңер? Той бар жерде саясат деген токтоп турушу керекпи? Негизгиси, коомчулукта “булар эл көзүнө кыйкырып, көшөгө артында кучакташып, маселе чече берет” деген сөздөрү ушундай абалдар менен ачык билинүүдө. Болбосо, “ал баскан жерге мен баспайм” дегендер, бир табактан баш салып тамак жеп олтурганы, эртең ачуу чындыкты айтып чыккандардын сөзүнүн адилеттиги, актыгы канчалык болот дейсиңер. Бет дегенде калбаптыр, биздин чыйт курсак, чиновниктерде. Шорубуз бар экен.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: