Menu

Өзбекстандын вице-премьери Шухрат Ганиев COVID-19 вирусун жуктуруп алганы айтылууда

Бөлүшүү:

Шухрат Ганиев

Өзбекстандын премьер-министринин агрардык саясат жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча орун басары Шухрат Ганиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алды.

Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянуу менен билдиришти.

Билдирүүдө Фергана облусунун мурдагы башчысы Шухрат Ганиев Ташкенттеги 16-ооруканада (Медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча республикалык илимий борбор) дарыланып жатканы айтылат. Оору жеңил формада өтүүдө.

Өзбек бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Шухрат Ганиев вице-премьер-министрликке өткөн айдын аягында дайындалган. Ал 20-сентябрда коронавирустан көз жумган Уктам Барноевдин ордуна келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: