“Кыргыз Манас Менеджмент” ЖАКсынын коопсуздук кызматынын кызматкерлери КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылышып, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКсынын авиациялык коопсуздук дирекциясынын жетекчилигинин үстүнөн арызданышты. Алар жаңы жетекчи Данияр Абдыкадыров түзгөн кырдаалга нааразы экенин айтышкан.
“Биз, Авиациялык коопсуздук дирекциясынын жамааты жарым жылдан бери Данияр Абдыкадыровдун өз билемдигин көрүп келебиз, ал жетекчилик орундарга жалаң мурда милицияда иштеген “өз кишилерин” алып келип жатат”, – дешип, иштин көзүн билбеген бу жаңы жетекчилер туура эмес иштерди кылып жатышканын айтышкан. Алар өз катында соңку кездери “Манас” аэропорту саясый мансап жасоонун же баюунун трамплине айланганын келтиришет. Данияр мырза жамаатты “өз” жана “өгөй” деп бөлүп, көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар кызматкерлерди жумуштан кетиргенин айтышкан. Алар мындай өзүм билемдикке чыдабай, акцияларга чыгышарын белгилеп, президенттин бул катты көңүл сыртында калтырбай, Кыргызстандын эң башкы аба дарбазасы болгон “Манас” аэропортунун стабилдүү иштешине кол кабыш кылууну өтүнүшкөн.
Белгилей кетсек, Данияр Абдыкадыровго байланышкан биринчи эле окуя эмес. Ал “Манас” аэропортуна быйыл январда келген. Ага чейин ИИМдин орун басары болгон (2016-жылдын 22-февралынан 2018-жылдын 18-июнуна чейин).
Ушак-айыңдардын деңгээлинде аны Орусиядан уурдалган автоунааларды сатууга катыштыгы бар деп чыгышкан. Бирок министр Кашкар Жунушалиев бул ушактардын бардыгын четке кагып келген. Көп узабай министрдин уруксаты жок Данияр Абдыкадыров үй-бүлөсү менен Түркияга эс алганы кетип калганда, министр нааразы болду эле. Ошондон кийин Абдыкадыров рапорт жазып, өз ыктыяры менен кызматынан кетип калган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ