Menu

Видео – Замир Жоошев, адвокат: “Алмазбек Атамбаев «баштапкы соттук отурумду менсиз эле өткөрө бергиле» деген арыз жазып берди, аны сот  канааттандырды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз башталды. Мындай маалыматты Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев 20 мүнөттүк тыныгууда билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев «баштапкы соттук отурумду менсиз эле өткөрө бергиле» деген арыз жазып берген. Сот болсо ал арызды канааттандырган.

Замир Жоошевдин айткандарын толугу менен төмөндөгү тасмадан көрүңүз!

Ошентип, Батукаевге байланыштуу иш боюнча алдын ала угуулар жабык эшик артында башталды. Бул ишке 15тен ашык мурдагы жетекчилерге жана дарыгерлерге айып коюлган. Учурда «Коррупция» беренеси менен 4 киши сотко чакырылган. Анын бири – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Учурда экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов сурак берүүдө. Сот отурумунан эс алууга сыртка чыккан Атамбаевдин адвокаты Слесаревдон соттун жүрүшүн, бүтүшүн сурасак, ал азыр Качкыналиевдин ишин анын адвокаттары тааныштырып жатканын, андан кийин Атамбаевдин 27 томдон турган ишин тааныштыра турганын айтты.

Эскерте кетсек, адам өлтүрүүбоюнча оор кылмыштар үчүн 16 жылга соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы 9-апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн 8 жыл мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгы үчүн коррупцияга катышкан» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта олтурат.

Кыргыз депутаты Тынчтыкбек Акматбаевди жана анын жардамчыларын өлтүргөн кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн 8 жыл эрте бошотуу үчүн кыргыз бийлиги 10 млн доллар пара алгандыгы көптөн бери айтылып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: