Menu

Голландияда кыямат-кайымды күтүп, тогуз жыл жертөлөдө жашаган үй-бүлөнү табышты

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Би-би-си агенттиги кабарлады. 58 жаштагы киши 16 жаштан 25 жашка чейинки 6 баласы менен сырткы дүйнө менен байланышпай, Голландиянын Дренте аймагында жеке фермасынын жер төлөсүндө жашап келишкен. Аларды улуу баласы жергиликтүү кафе-барга сыра алганы келгенден кийин байкап калышкан. “Жаш жигит беш кружке сыра сурап, дароо бардыгын жутуп алды. Анан экөөбүз сүйлөшө кеттик. Ал атасынан качып чыкканын айтты. Биз дароо полицияга телефон чалдык, – дейт бардын ээси. – Чачтары узун, сакалы аябай кир экен, самтырап кийинип алган, мектепте окуп көрбөптүр, чачтарачка 9 жылдан бери бара элек экен”,- деп кошумчалады.

Дал ошол качып чыккан жигититтин айтуусу менен үйдү таап барышкан. Үй Рюнерволд айылынан алыс эмес жерде жайгашкан. Бирок аларды эч ким байкаган эмес. Эчкиге, итке тамак берген улгайган кишини гана көрүшчү экен. Балдары бар деп ойлошпоптур. Көрсө, аларды жертөлөдөн чыгарчу эмес тура. 58 жаштагы киши камакка алынды. Балдарын психологдор текшерүүдө. Атасы: “Жакында кыямат-кайым болот” деп “борк” эткенден башка эч нерсе айткан эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: