Menu

Сот коррупционер Жусубалиевдин жазасын азайтып койду

Бөлүшүү:

Транспорт жана жолдор министринин мурунку орун басары, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун 70 чакырымын салуу укугун тендерден утуп алган италиялык компаниядан 520 миң доллар пара сурап, ал акчанын 50 миң долларын алып жаткан учурунда кармалган Азимкан Жусубалиевди жакында Биринчи Май райондук соту 14 жылга эркинен ажыраткан. Бул ишти караган Бишкек шаардык соту Жусубалиевдин 14 жылдык жазасынын 2 жылдык мөөнөтүн кыскарта чаап, 12 жыл берди. Буга да нааразы болгон Жусубалиевдин туугандары эми Жогорку сотко арыз жазганы турат. Эске сала кетсек, укук коргоо органдары Жусубалиев 50 миң долларга чейин аталган компаниядан 120 миң доллар пара алып койгонун билдирген. Кыскасы, Кыргызстанда эң чоң коррупционерлерди актоо, жазасын жеңилдетүү иши массалык түрдө жүрүп жатат. Буга мисалдар көп. Жакында эле күнүнө 100 миң сом пара алып, 12,5 жылга соттолгон Мамкаттоонун дагы бир экс-чиновниги Насирбек Алмаматов дагы үй камагына чыккан. Андан мурун 200 миң доллар пара менен кармалып, бир топ жылга соттолгон Башкы прокуратуранын экс-чиновниги Кылычбек Арпачиев да үй камагына чыгып кеткен. Ошондой эле алардын катарында Манас Арабаев ж.б. толтура. Мына сага бийликтин коррупция менен күрөшүп жаткан жыйынтыгы.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: