Бул тууралуу кечээ, 15-октябрда “Биринчи радионун” аба толкунунда Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев билдирди. 2019-жылы сот системасына 2018-жылга караганда 30%га көп каражат бөлүнгөн. Башкача айтканда, 2018-жылы – 1 млрд 3 млн сом бөлүнгөн болсо, 2019-жылы – 2 млрд 100 млн сом бөлүнгөн. Дегеле Кыргызстан эгемендүүлүк алганы сырткы донорлордон сот системасынын өнүгүүсүнө 20 млн доллар чамасында бөлүнгөн экен.
“Түз багыт жок. Каражаттар чачыранды бөлүнө берген. Бирдиктүү мамиле кылуу деген болбоптур. Быйыл биз анализ кылып, сот системасынын реформасы үчүн максаттуу багыттарды аныктадык”, – дейт Исабаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ