Menu

Видео – Зайырбек Эргешов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси: «Адамдардын жеке үйүнө кирип, дават, үгүт, насааттарын жүргүзбөй, өздөрүнүн мечит же офисинде жүргүзүү керек»

Бөлүшүү:

Бүгүн , 16-октябрда,  Жогорку Кеӊеште “КРдагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, катуу талкууланды. Талкууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов  катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев диний адамдардын дават, үгүт, насааттары жөнүндө суроону Зайырбек Эргешовго узатты эле, ага ал: “Адамдардын жеке үйүнө кирип, дават, үгүт, насааттарын жүргүзбөй, өздөрүнүн мечит, медреселерде же офисинде жүргүзүлсүн деп айтып жатабыз”,-деп жооп берди.

Депутаттар кызуу талкуулаган мыйзам долбоору бул. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Конституциялык палата Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген адамдардын өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөр Конституциянын 20-беренесине жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылган. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда. Дал ушул мыйзам бүгүн парламентте катуу талкууланып, экинчи окууга жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстандын аймагында 3294 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын ичинде экстремисттик багыттагы 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. 2019-жылдын ичинде 6 адам экстремисттик аракеттери үчүн камакка алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: