Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ар кыл маселелер” саатында ар кайсы маселелерди көтөрдү. Депутат Эмил Токтошев босогодо кычыраган кыш турганын эскертип, кышка ЖЭБдин даярбы деп тынчсызданып, Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткенин айтты.
«Кыш босогодо турат, 15 күндөн кийин суук болуп калат. Кышка өкмөттүн даярдыгы кандай? ӨКМ, ЖЭБ жана мамлекеттин мекемелердин кышка даярдыгы барбы? Токтогул сактагычында суу азайып кетти, ошон үчүн тынчсыздануу бар. Айыл өкмөттөрдө, мектептерде, бала бакчаларда көмүр ала албай жатат. Айрым айыл өкмөттөрү дотацияда турушат, дотацияда тургандардын акчаларын мамлекет төлөп берүүгө милдеттүү. Ал маселе боюнча кайрылган каттар бар, ага жооп берип, көмүрүн төлөп беришсин”,-деди депутат Э.Токтошев. Ошондой эле ал экология маселесин да айтты. Аны төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз!
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ