Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ар кыл маселелер” саатында ар кайсы маселелерди көтөрдү. Депутат Пархат Тулендыбаев айтылуу актер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесин эске салып, 9-ноябрда уюшулуп жаткан иш-чарага катышып, татыктуу тосолу деген сунушун айтты.
Эске сала кетсек, Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналга иш-чаралар учурда жүрүүдө. Алсак, 15-октябрда Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде актердун чыгармачылыгына, үй-бүлөсүнө, жашоо-турмушуна арналган “Эсимде” аттуу көргөзмө ачылган, ал 10-ноябрга чейин уланат.
Көргөзмөнүн ачылышына барган экс-премьер-министр Темир Сариев “Кыргыз Эл Баатыры” наамын бериш керектигин сунуштаса, бизнесмен экс-депутат Аскар Салымбеков сүрөтчүнүн эмгектеринин каталогуна 200 миң сом бөлөрүн айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ