Menu

26-октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

Бөлүшүү:

Баткен облусунда өтүүчү мааракенин алкагында илимий-практикалык конференция өткөрүү, А. Орозбеков тууралуу даректүү тасма даярдоо, театрлаштырылган көрсөтүү, концерттик программа жана спорт иш-чаралары өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, А. Орозбековдун 130 жылдык иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү планына ылайык, облуста А. Жалилов атындагы көчөгө асфальт төшөлүп, А. Орозбеков атындагы музейдин тегереги көрктөндүрүлдү. Ошондой эле, Кадамжай шаарындагы А. Орозбеков атындагы көчөнүн тротуары жана борбордук стадиону оңдоп түзөөдөн өттү.

Абдыкадыр Орозбеков — Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири.

1927 – жылы Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин 1 – уюштуруучу курултайында А.Орозбеков Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат.

Кыргызстан А. Орозбековдун иш аракети менен автономдук республика статусуна ээ болуп, кийинчерээк союздук республикага айланган. Орозбеков – Кыргыз Республикасын 1937 –жылга чейин үзгүлтүксүз башкарган алгачкы жетекчи.

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Фергана облусунун Маргалаң уездиндеги (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) Охна айылында жакыр үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз тилинен башка, орус, тажик жана өзбек тилдеринде сүйлөгөн.

Өзүнүн көрүнүктүү ишмердүүлүгүн 1916- жылы падыша бийлиги тарабынан кысым болуп, улуттук- боштондук мүнөздөгү көтөрүлүшү башталган кезде Фергана өрөөнүндө революциялык кыймылдарда баштаган.

Кийинчерээк, 1918-1920-жылдары Кызыл Армияда кызмат өтөгөн. 1918-жылы большевиктер партиясына мүчө болуп, Кызыл Армиянын катарына кошулат. Орус падышалыгы кулап, Совет бийлиги орноп баштаган учурда басмачыларга каршы күрөштөргө жигердүү катышып, жаңы замандын келүүсү үчүн болгон аракетин жумшайт. Бул учурда катардагы жоокерден куралдуу топтун командирлигине чейин көтөрүлөт.

Абдыкадыр Орозбеков 1924-жылы Фергана өрөөнүнүн аймагына Совет бийлигин орноткондугу үчүн Түркестан Республикасынын “Алтын белгиси” менен сыйланган.
Ал эми, 1932-жылы республиканын өнүгүүсүнө кошкон аракети жана ийгиликтери үчүн “Эмгек кызыл туу” ордени менен сыйланган.

1937-жылдын соңунда кандуу репрессия заманы башталып, кыргыздын мен деген залкар инсандары биринин артынан бири жок кылына баштаган. Бул кыргынга Абдыкадыр Орозбеков да кабылган. Ал “Туран” улуттук партиясынын мүчөсү деген жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. Түрмө ичинде бир нече ай азаптуу кыйноолорго кабылып, 1938-жылы 18-майда атып өлтүрүлгөн. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин 1956-жылы акталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: