Кечээ, 17-октябрда Бишкекте футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Өзбекстан менен жолдоштук беттешүү өткөрүп, Өзбекстанды 5:1 эсебинде утуп алды. Бизден эки топтон Арстанбек Турсунов менен Максат Алимов, бир топту Манас Абдрасул уулу киргизди.
19-октябрда бул курама командалар дагы бир беттеш өткөрүшөт. Эки команда тең 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандалма оюндарына даярданышууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ