Menu

Артур Медетбеков: “Кой-Ташта болгон тополоңду калыс карап жатабыз”

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-октябрда Кой-Ташта 7-8августта болгон окуяларды изилдеген мамкомиссиянын мүчөлөрүн А.Атамбаевдин резиденция аймагына киргизбей коюшту. Комиссия мүчөсү Артур Медетбеков бул боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Комиссия бардыгын калыс карап жатат.  Тополоңдун бардык катышуучуларынын пикирин эске алуудабыз. Кой-Таш менен Арашан айылдарынын тургундары менен жолугуп, милиция менен кагылышкан учурда таш тийген үйлөргө бардык, андан кийин Атамбаевдин үйүнө барсак, кайтаргандар бизди киргизбей коюшту. Эч нерсе эмес. Материалдар бизде жетиштүү. Тургундардын көзү комиссия мүчөлөрүнө түз эмес экен. Биз менен айтышып, сөзүбүздү уккулары келбей, калыс карабай жатканыбызды айтышты. Бизге доомат болбошу үчүн колубуздан келгендин бардыгын жасайбыз”.

Эскерте кетсек, мамкомиссия өз ишин 1-ноябрга чейин узарткан. Комиссиянын курамында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер бар. Жыйынтыгын Жогорку Кеңешке алып чыгышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: