Кечээ, 13-мартта болжол менен түнкү саат 23:50дө Бишкек шаарынын батыш автобекетинде айдоочу жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жараат алган адам ошол жерден мерт кеткен. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка караганда, 1980-жылы туулган Т.М. аттуу айдоочу “Скания” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен батыш автобекетинин тушунан 30-35 жаштагы азият туспөлүндөгү эркек кишини сүзүп алган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
Азыркы учурда топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүгүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ