Menu

А. Чалбаев: “Анткени УКМКнын ыкчам тобу ошол замат келип тинткенде, жоголгон акча менин уулумдун жанынан да, ал иштеген бөлмөдөн да табылган эмес”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. ЖЭЭНБЕКОВГО

Чүй областынын Чүй районундагы Кош-Коргон айылынын

№1 МТФсы жайгашкан жердин жашоочусү,

КРнын ИИМнин ветераны, пенсионер А. ЧАЛБАЕВДЕН

(тел:0509 771313)

АРЫЗ

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Менин Сизди Кыргыз Республикасынын жалпы элинин тандоосу менен шайланган Президенти катары, Сизге аргасыздан кайрылуума төмөндөгу жагдайлар себеп болду: Менин үч балам бар. Алардын улуусу – Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасынын башкармалыгынын башчысы Чалбаев Уланбек 2018-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан атайылап уюштурулган провокациянын негизинде «кабинетинен 200 000 доллар пара алган» деген кине менен кармалып, бир жылдан ашык эч себепсиз «күнөөлүү катары» сот отургучунда отурат.

Менин Сизден суранганым бир гана нерсе — иштин чын төгүнүн калыс иликтетип, соттун ишин ачык, адилет өткөрүүнү жана анын акыйкат чечим кабыл алуусун камсыздатып, чыныгы күнөөлүлөрдү табуу. Мага буга чейин көптөгөн адамдар келип: Балаңыз эч күнөөсү жок эле отурат, күнөөлүүлөр сыртта ээн-эркин басып жүрөт, тим отурбай арызданбайсыңарбы – дешкенинен, Президентибиз өлкөдө коррупцияга каршы жакшы иштерди баштап жатат, акыйкаттык орнойт – деген ойдо, эч кимге, эч жакка арызданбастан, күнөө кылса жооп берсин – деп, бир жылдан ашык убакыттан бери күтүп отурам. Тергөө иштери ыкчам жүрсүн деп, Биринчи Май райондук сотунун уулумду камакка алуу чечимине каршы, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жогорку инстанцияга да кайрылган жокпуз.

Экинчи жагынан, тергөө жүрүп жатса тигиндей мындай деп, ар кайсы жакка арыз жазыштын өзү одоно жана мыйзамды сыйлабагандык болмок. Уулумдун тергөөсү мурдакы тергөөчүнүн ар кандай шылтоосу менен 2018-жылдын 10-октябрына чейин создуктурулуп келсе, акыры тергөө бүтүп, иштин сотко өткөнүнө сегиз айдан ашык убакыт болду. Эми соттук процесс да жөндөн жөн эле судья тарабынан создуктурулуп келе жатат. Бир кызматкердин пара алганын же албаганын иликтеп, ага укуктук баа берүүгө бир жылдан ашык убакыт керек беле? Бул убакытка чейин болгону 6 жаран: Күбөлөр менен шектүү деп камакка алынгандар сурак беришти. Менин уулума, анын сотто катышып жаткан эки адвокатына эмдигиче сөз жете элек.

Иштин жагдайын уксам, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын билмексендикке салып тымызын колдоосунун негизинде, КР УКМКсынын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан атайын уюштурулган провокация экендиги, адамдын төбө чачын тик тургуза турган фактылар чыкты. Көрсө, 2018-жылдын 16-апрелинде Чалбаев Уландын иш кабинетин тинтүү учурунда, 2018-жылдын 15-апрелинде кызматынан алынган КР Башкы прокурору И. Жолдубаеванын башкы жардамчысы, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын агенти болуп иштеп жүргөн Полотов Максат, анын иш кабинетине кирип сүйлөшүп отурушуп: Бул пакет сенин кабинетинде туруп турсун, анан алып кетем – деп чогуу жыйналышка кирип кетишкен экен. Жыйналыштан чыккан маалда коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери анын кабинетине кирип тинтишип, Полотов Максат таштап кеткен пакетти таап алышып, К. Самаковдордун Бишкек сотунда кылмыш иштери боюнча ошол учурда каралып жаткан ишин оң жагына чечтирип, соттон аларды актоо чечимин чыгартуу үчүн К. Самаковдордон 200000 доллар пара алган – деп акт жазышып, КР Кылмыш кодексинин пара алуу статьясы боюнча ага иш козгоп, соттон санкция алып, аны СИЗОго камап коюшту.

Көрсө, менин балама кылмыш иши козголгонго чейин эле, КР УКМКсынын оперативдик кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө боюнча түзүлгөн иш чаранын негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2018-жылдын 3-мартында эле, аларга: «М. Арабаев», «Айнура», «Дима» жана «Максат» деп аталган башка адамдардын иште көрсөтүлгөн номерлери боюнча алардын мобилдик телефондорун контролдогонго, телефондук сүйлөшүүлөрүн укканга жана жазганга уруксат берилиптир.

Кийин белгилүү болгондой, жогоруда аталган адамдар: Арабаев Манас, Кайнаева Айнура, Аринов Динмухамед жана Полотов Максат экен. Көрсө, бул окуяга чейин эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугу боюнча Мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын башкармалыгынын начальниги Ж. Касымов өзүнүн жетекчисине берген билдирүүсүндө М.М. Арабаевдин 500000 доллар алгандыгы көрсөтүлгөн экен.

2018-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурорунун биринчи орун басары Б. Казаковдун кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү токтомунда Самаков Карганбек менен Самаков Кубанычбектин, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери Э. Кыдыралиевдин ,жеке ишкер А. Кайнаеванын, адвокат Т. Самаковдун жана Жогорку Кенештин аппаратынын маалымат кызматынын башчысынын орун басары К. Рыспаевдин фамилиялары аталып, 200 000 Америка доллары КРнын Президентинин аппаратынын кээ бир кызматкерлерине, 250 000 Америка доллары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппаратынын маалымат кызматынын башчысынын орун басары К. Рыспаевге берилген – деп көрсөтүлгөн.

2018-жылдын 14-апрелинде УКМКнын тергөөчүсү У. Баракановдун бул кылмыш ишти өндүрүшкө алуу жөнүндө токтомунда да, белгилүү адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын Соттук реформалар жан мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы М. М. Арабаевге 200 миң АКШ доллары берилген — деп жазылган. Демек, пара алуу жана пара берүү маселелери, алар боюнча кылмыш ишин козгоо жана аны сотко ашыруу маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппаратынын кээ бир кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, жөнгө салынып, көзөмөлдөнүп жана чечилип келе жатыптыр.

Ошондуктан, 2018-жылдын 14-апрелинде КРУКМКсынын тергөөчүсү У. Бараканов өзүнүн өндүрүшүндө турган иш боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКсынын учурда резервинде (ОДР) турган офицерлери: М.А. Алыбаевдин, М.А. Полотовдун, А.А. Маткасымовдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы М. М. Арабаевдин үйлөрүн тинтүүгө санкция алуу үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Тергөөчүнүн бул кайрылуусунда менин балам Улан Чалбаевдин кабинетин же үйүн тинтүү жөнүндө эч сөз жок. Эгерде, У. Чалбаевдин жогоруда аталган пара иштерине катышуусу жөнүндө шек же тиешеси болсо, анда анын аты жөнү, иштеген кызматы аталмак да.

Баламдын жана анын адвокатынын соттук териштирүүлөрдө айткандары боюнча мага төмөндөгүлөр белгилүү: Соттук териштирүүлөргө тергөө органдары күбөгө тарткан жарандар Н. Отунчиев менен Э. Азисовдун сотто берген көрсөтмөлөрүнө караганда, алар 2018-жылдын 15-апрели жекшемби (дем алыш) күнү Кыргыз Республикасынын УКМКсынын кызматкерлеринин талаптары боюнча атайын кызмат жүргүзгөн оперативдик иштерге катышкан. УКМКсынын кызматкерлери ал күбөлөрдүн катышуусунда өзүлөрүнүн Д. Аринов деген кызматкерине ксерокопиялары алынган 200 000 АКШ доллар менен кошо диктофон беришкен.

Бул иш чарага тийиштүү документтер толтурулуп, аларга күбөлөр колдорун коюшкан. Д. Ариновго долларлар менен диктофон берилгендиги жөнүндөгү факт, тергөөчү тарабынан тергөө жүргүзүлүп жатканда да тастыкталып, тергөө учурунда күбөлөр Н. Отунчиевдин (т. 6 л.д.63-65) жана Э. Азисовдун (т. 6 л.д.66-68) тергөөчүгө берген көрсөтмөлөрү сурак протоколуна жазылган.

Күбөгө тартылган Н. Отунчиевдин сотто берген көрсөтмөсү боюнча, ал микроавтобуста отурган мезгилде микроавтобуска акча алып кирген жаран УКМКсынын кызматкерлери тарабынан кармалып, аны тинткенде мурда ксерокопиясы алынып Д. Ариновго берилген 200 000 АКШ доллары чыккан. Кармалган жаранга атайын кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн күбөлүктөрүн көрсөтүшүп бир нерселер жөнүндө сүйлөшүшкөн. Алар эмнени сурашканын, эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн күбө сотто эстей албай жатканын айтты. Бирок анын айтуусунда булардын сүйлөшкөн сөздөрүнүн баары ошол учурда видеокамерага тартылганын, ошондой эле, күбө Н. Отунчиев соттук териштирүүдө акча менен кармалган жаран Генералдык прокурордун жардамчысы М. Полотов болуп чыкканын да тастыктады.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан микроавтобуска акча алып кирген М. Полотовдун кармалганын, анын баары алардын видеокамерасына тартылганын экинчи күбө Э. Азисов да тастыктады. Анын көрсөтмөсү боюнча УКМКсынын кызматкерлери колдонгон видеокамера – колго баткан кичинекей видеокамера экен. Бирок, кылмыш иштери боюнча сотко өткөрүлгөн материалдардын ичинде Д. Аринов диктофон менен жазган, микроавтобуста алынган акчаларды видеокамера менен тарткан материалдар жок болуп чыкты. Аларды ким жок кылган? Бул эмне деген маскарачылык, эмне деген тергөө иштери?.. Дегинкисин айтканда, тергөөчүлөрдүн максаты эмне экенин, эмне саясат менен баламды эзип жатышкандарын түшүнүп болбойт. Улан Чалбаевди карматып коюп, аман соо калган паракор М. Полотовун чыгарышыптыр. Дагы эмне керек буларга?..

Соттун жүрүшүндө тастыкталгандай, эртеси күнү бул видеокамера менен менин баламдын кабинетиндеги тинтүү жана акчаларды алуу фактылары да тартылган. Белгилей кетчү нерсе, М.Полотов бир күн мурда пара менен кармалганда, УКМКнын кызматкерлери күбөгө тарткан жарандар, эртеси күнү да менин уулумду М. Полотов карматканда да келишип, күбө катары колдорун коюшкан. Аргасыздан суроо туулат: Бул күбөгө тартылган жарандар КР УКМКсынын кызматкерлеринде атайын жалданып иштеген “күбөлөрбү?”..

Соттун жүрүшүндө белгилүү болгон жагдайлардын негизинде жана күбөлөр Н.Отунчиев менен Э. Азисовдун көрсөтмөлөрүнө таянсак, менин балам Чалбаев Уланга КР УКМКнын ыкчам тобунун жана тергөөчүлөрү тарабынан коюлган күнөө – алардын өздөрү тарабынан менен менин уулума каршы атайылап жасалганы жана толугу менен фальсификацияланганы көрүнүп турат.

Бул интриганы атайлап уюштуруп коюп, эми мындан кутулуунун жолун издеген КР УКМКнын кызматкери Д. Ариновдун.УКМКнын резервдеги офицерлери (ОДР ГКНБ КР) М. Алыбаев и М. Полотовдун соттогу көрсөтмөлөрү эч кандай чындыкка дал келбейт.

2018-жылдын 16-апрелинде КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан 200 000 доллар М. Полотовго берилгендиги жөнүндө протокол толтурулган. М. Полотов бул акчаны менин уулума бергендигин айткан. Бирок, У. Чалбаевдин кабинетин тинткенде 199500 доллар табылган. Жоголгон 500 доллар качан, ким тарабынан алынганы да шек жаратууда. Анткени УКМКнын ыкчам тобу ошол замат келип тинткенде жоголгон акча менин уулумдун жанынан да, ал иштеген бөлмөдөн да табылган эмес.

Менин уулума бул факт боюнча кылмыш иши козголгонго чейин УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам изилдөө иш-чарасынын материалдарында да КР Башкы прокуратурасынын кылмыш ишти козгоо жөнүндө протоколунда да, менин уулумдун фамилиясы, анын иштеген жери аталган да, катталган да эместиги жогоруда айтылды. Муну кайталап айтып жатканымдын себеби: Эгерде менин уулумдун бул ишке тиешеси болсо, фигурант катары кайсы бир документтерде анын аты, иштеген жери айтылат эле го. Эгерде менин уулум У. Чалбаевдин бул иште катыштыгы болсо, КР Башкы прокуратурасы КР 2017-жылдын 13 июлунда кабыл алынган «Прокуратуранын кошумча ыйгарым укуктары жөнүндөгү» КР Конституциялык Мыйзамынын 3-ст. 4-пунктунун талаптарын негизинде ага КР Башкы прокуратура тарабынан сөзсүз иш козголмок да?

Бул айтылгандар, менин уулума атайылап уюштурулган спектакль – кээ бир кызыкчылыктары бар адамдар тарабынан атайылап кара өзгөйлүк, карасанатайлык менен жасалганын далилдеп турат.

Менин баламды күнөөлөгөндөр жакта, пара менен кармалып, эч себепсиз бошотулуп эркиндикте жүргөн УКМКнын резервдеги офицери, КР Башкы прокурорунун ага жардамчысы М. Полотовдон башка эч ким жок. М. Полотов болсо, азыр өз башын куткаруунун амалын кылып жатканын баары эле көрүп, билип турушаг. Бул ишти тергөөдө да, соттук териштирүүдө да, калган беш фигуранттар: Самаков К., Самаков Ж.,А. Кайнаева, Э. Кыдыралиев, М. Тукиновдордун баары менин уулумду билишпегендиктерин да, аны тааныбастыгын да айтып келишет.

Ошондой болсо да, азыр камакта жалгыз эле менин балам калды. Андан башкаларынын баарысынын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти, мен ушул арыз менен Сизге КР Башкы прокуратурасынын, КР УКМК кызматкерлеринин кылган кылыктарын түз жеткирүүнү туура көрдүм. Анткени, мен өмүр бою милиция жана финполиция органдарында иштеп, учурунда Бишкек шаарынын, Ысык-Көл областынын финполициясын жетектедим. КР Финансы полициясынын жана Милициясынын полковнигимин. Органдын кызматкери болгондуктан, саясаттан алысмын.

Биздин мамлекетте акыйкаттыктын, адилеттиктин орношун чыдамсыздык менен күтүп, Сизди урматтоо менен Сизге кайрылган:

А. ЧАЛБАЕВ

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: