Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бардыгын билдирди. Бул тууралуу ал: «Алмазбек Шаршенович Батукаевди анын оорусуна жана мамлекетте криминалдык абалдын начарлап кеткенине байланыштуу өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан. Буга байланыштуу, мен мурдагы президенттин Батукаевдин бошотулушуна түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейм. Мен болсо өзүмдү мурдагыдай эле күнөөсүз деп санайм. Эгерде Атамбаев Батукаевдин саламаттыгы туурасында документтерди бурмалаган болсо ал буга жооп бериши керек» – деп белгиледи. Мына эки жүздүүлүк. Кезинде бул ишке Атамбаевдин тиешеси жоктугун кайра-кайра айтып жатты эле, баары мыйзам чегинде болду деп. Эми керт башынын кызыкчыгы үчүн теңирден тескери сайрай баштады.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ