Menu

21-апрелге карата Кыргызстандагы гидрологиялык обзор: көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли төмөндөдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-апрелге карата маалымат боюнча республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун деңгээли төмөндөдү, кээ бир дарыяларда өзгөрүлгөн жок. Жыргалаң, Жети Өгүз, Аламүдүн, Кара Балта, Чоң Кайыңды, Беш Таш, Нарын, Узун Акмат, Чычкан жана Тар дарыяларында суунун дэңгеели бир аз 1-13 см көтөрүлдү. Жаңы декаданын нормасы менен республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун агымы көп жылдык байкоолордун чегинде байкалды. Чоң Кызл Суу, Каракол, Жети Өгүз, Сокулук, Талас (Үч Кошой), Узун Акмат жана Афлатун дарыяларындагы агым жогорку ченемде (124-154%) байкалды. Кегети, Чычкан, Нарын (орточо агым), Көгарт, Майлуу Суу, Ак Буура, Каракол (Косчан), Исфайрам Сай жана Кара-Дарыя бассейиндеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларында төмөнкү ченеминдеги агым (36-78%) байкалды.

Суу сактагычтарга суунун кириши: Орто-Токой – 75%, Киров -25%, Токтогул – 64% ченемин түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: