Өткөндө Казакстанда көмүр кымбаттаганын жазган элек. Бу жолу республикабыз боюнча көмүргө болгон орточо баа бир жуманын ичинде 27,04 сомго же 0,6%га кымбаттаган. Мындай маалыматты 21-октябрда Улуттук статистикалык комитет келтирип олутрат.
Ага ылайык, эң жогорку баалар Баткенде – 8,5 миң, Кара-Сууда – 7,45 миң, Ноокатта – 6,98 миң сомду түзгөн, ал эми эң төмөнкү баалар: Чаек айылында – 2,5 миң, Нарында – 3,646 миң, Балыкчыда – 3,694 миң сом.
Баткенде тоннасы 1,5 миң сомго кымбаттаган. Бирок Бишкек менен Ошто баалар өзгөргөн эмес, тоннасы – 6 миң 198,37 сом.
Ошондо жалпы республикадагы кымбаттап жаткан таш көмүрдүн баасын кошсо, бир жуманын аралыгында 27,04 сомду түзүп олтурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ